Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

КЫРГЫЗСТАНДА ЭҢ АЛГАЧКЫ МУЗ САРАЙЫ АЧЫЛДЫ


Кабыл Макеш, Бишкек. Өлкө тарыхындагы алгачкы муз тебүү аянты менен спорттук комплекс Бишкекте ишке берилди. Кыргызстанда кышкысын тоолуу аймактарда өзөн суулардын жээгинде тонгон музда балдар хоккей ойноп, коньки тепкени менен эл аралык талаптарга ылайык муз сарайы болгон эмес.

Бишкектеги мурда кийин муз тебүү аянты болгон эмес. Совет доорунда учурдагы Өкмөт үйү турган жердеги эски стадиондо кышкысын муз тебүү үчүн тондуруп, шаардыктар коньки тепкенин кээде эскерип калышат. Бишкектеги “Мадина” соода борборуна жакын жайгашкан эл аралык талаптарга ылайык жаңы курулган “Белый парус” спорт комплексинде 650 чарчы метрлик муз тебүү сарайы алгачкы кардарларын кабыл алды. Бул Чүй проспектисиндеги “Аэз- фентези” аталган муз сарайы “Сан клуб” жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси, бишкектик ишкер Борис Сандын демилгеси менен курулду.

Кыргызстандын дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинини орун басары Алмаз Касеновдун пикиринде бул алгачкы муз аянтынын пайдаланууга берилиши менен өлкөдө кышкы спорт түрлөрүнө кызыгуу ойгонот.

“Сан” клубу спорт комплексинин жетекчисинин орун басары Назарбек Бекмуратовдун айтымында бул жер спорттук борборго айланып, 4 сууда сүзүү бассейини, балдар үчүн ойноочу атракцион салынган. Мындан сырткары дагы эл аралык талаптарга ылайык үч кабат спорттук комплекси жаңы жылга чейин пайдаланууга берилмекчи.

Өлкөнүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү муз тебүү аянтынын ачылышында коньки тебүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Муз тебүүнү каалаган шаардыктар үчүн эгерде конькиси өзүмдүк болсо бир саатка 150 сом акы төлөшөт. Ал эми конькини спорт комлексинен урунууга алса бир саатка дагы 150 сом төлөө зарыл. Адистердин айтымында колу жука Бишкектин тургундары бул муз сарайына балдарын алып келип, муз тептире албайт.

“Заман Кыргызстан” жумалыгынын спорттук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде байманасы ташыган ишкерлер гана көңүл ачпаса, бул муз аянтчасында спорт ийримдерин алып барууга адистер жокко эссе.

Ошентсе да кышкы спорт түрлөрүн жандандырууга өбөлгө болоору күмөн. Бирок бул муз сарайында хоккей ойноого болбойт. Себеби эки команда болуп ойноого аянты кичинелик кылат. Муз аянтында коньки менен муз тебүүнү үйрөнүүгө, көркөм муз тебүү ийримин уюштурууга мүмкүнчүлүктөр болобу? Кеп ушунда, себеби муз тебүүнү үйрөтүүчү адистер учурда Бишкекте жокко эссе.

Мындан сырткары “Сан клуб” коому Элебаев көчөсүндөгү “Сан клуб” спорт комплексин мындан эки жыл мурда куруп, учурда спорт ордосуна айланган.

Ошондой эле Бишкектеги Горький көчөсүндө жаңы курулуп жаткан “Ташрабат” спорт комплексинде дагы эл аралык талаптарга ылайык муз аянты ачылганы турат.
XS
SM
MD
LG