Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

7:15 “Жашылдар” партиясынын жаш канаты эртең өтөрү күтүлүп жаткан нааразылык митингине кошулат


Бул тууралуу аталган партия билдирүү таратып, 10-ноябрда Алатоо аянтында “Тынчтык – маданият жарыгы” коомдук уюму тарабынан уюштурулуп жаткан “Диктатурага жол жок” аттуу акцияга кошуларын билдирди. “Биз, Кыргызстандык жаштар диктатура менен жашайбызбы же демократиялык эркин өлкөдө жашайбызбы, муну өзүбүз чечүүгө тийишпиз. Биз унчукпай кое албайбыз, өз укугубузду колго алуу үчүн күрөшөбүз,”-деп жазылат билдирүүдө.
“Тынчтык –маданият жарыгы” коомдук уюму 10-ноябрда Алатоо аянтында нааразылык иш-чара уюштурары тууралуу 1-ноябрда Бишкек шаар мэриясына кабарланган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG