Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Саакашвили Грузияда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда, 5-январда өтө тургандыгын жарыялады


Теледен жасаган кайрылуусунда президент Михаил Саакашвили мындай шайлоо элдин ишенимин алыш үчүн керек экендигин билдирди. АКШнын мамлекеттик бөлүмү Саакашвилинин шайлоо тууралуу чечимин кубаттап, аны шаршембиде өлкөгө киргизилген 15 күндүк чукул кырдаалды токтотууга чакырды. Мындан бир күн мурда полиция Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылган оппозициянын бир жумадан берки демонстрациясын күч менен таркаткан эле.
Анын аралыгында Евробиримдиктин жана Еврокеңештин өкүлдөрү Грузиядагы саясий кырдаалдын жөнгө салынышына көмөктөшүү үчүн келишти.

XS
SM
MD
LG