Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

10:30 Коопсуздук комитети А. Атамбаевдин өмүрүнө кол салуу боюнча козголгон кылмыш ишти токтотту


Бул тууралуу билдирген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда текшерүүнүн жыйынтыгында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаевдин организминде ууландыруучу заттын белгилери жок болуп чыккан. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө ууландыруу фактысына далилдер табылган эмес. Мындай жагдай эки экспертизанын тыянагы менен ырасталган.Бул боюнча кылмыштын составы жоктугуна байланыштуу УКМК тарабынан козголгон кылмыш иши 8-ноябрда токтотулду. Алмазбек Атамбаев буга чейин ушул жылдын 11-май күнү ууланып, дарыгерлердин жардамы менен кайра жакшы болгонун коомчулукка жарыялаган эле. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG