Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

КЫРГЫЗСТАН ГРУЗИЯДАГЫ КЫРДААЛГА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Грузияда оппозициянын тынч митингин күч менен таркатканына кыргыз оппозиционерлери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү тынчсызданганын билдиришүүдө. Ал эми айрым эксперттер болсо Грузиядагы саясий өзгөрүүлөр Украина, Кыргызстанга да таандык экенин, президенттик башкаруу системасы барып келип жакшылыкка алып келбестигин айтышууда. Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча департаменттин директорунун кеңешчисинин пикиринде болсо учурда Грузиядагы болуп жаткан окуялар алардын ички маселеси.

Экс-коопсуздук катчы Мирослав Ниязовдун айтымында, Грузияда качандыр бир убакта саясий кризис барып-келип чыкмак, себеби бийликти бир адамга топтоонун өзү жакшылыкка алып келбейт. Грузин башчысы дагы күчтүү президенттик бийликти түзүү максатын көздөп, оппозициянын нааразычылыгын күчөттү. Ал эми Грузиянын укук коргоо органдары тынч митингдегилерди күчтөп таркатканы бул ар бир бийликтегилердин кадыресе иш аракети, себеби алардын колунда армия, күч органдары, атайын кызматтар жана башкалар бар. Бирок мындай күч колдонуу жолу менен оппозицияны, элди коркутууга болбойт, дейт Ниязов. Анын көз карашында алдыдагы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоо бурмалоо менен өтүп, саясий партиялардын, шайлоочулардын нааразылыгын туудурса Грузиядагыдай кырдаал Кыргызстанда түзүлүшү толук мүмкүн.

Учурунда Бириккен улуттар уюмунун өкүлү катарында Грузия, Кавказ аймагында иштеп келген экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева да кечээ «Азаттыкка» берген маегинде президенттик күчтүү бийлик азыркы учурда иштей албай калганын баса белгиледи.

-Негизи Украина, Кыргызстан, Грузияга таандык бир процесс жүрүп жатат да. Президенттик режим, президенттик бийлик деген азыркы биздин саясий учурда иштебей жатат. Абдан эле күчтүү бийлик орнотуу деген азыркы доорго болбой калды.

Ал эми ушул жылдын апрель айында Тбилисиде өткөн Эл аралык экономикалык форумга катышып келген «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов президенттик күчтүү башкаруу системасы Грузиянын жаңы президенти Саакашвилинин келечегине балта чабат деген көз карашын билдирди. Анын айтымында, Грузин бийлиги оппозиция менен сүйлөшүүгө отуруп, маселени мыйзамдын чегинде тынч чечүүсү керек эле, тилекке каршы күч колдонуп митингди таркатуу менен бийлик элдин кыжырдануусун кайрадан күчөтөт.

-Оппозиция эч качан тыйылып калбайт. Бу президенттер ойлосо керек, күч менен таркатып койсок эле тынчып калат деп. Эч качан тынчыбайт. Тескерисинче, оппозиция кийин кайра көтөрүлүп чыгат. Бийликтин тынч митингке күч колдонгону, калкына жасаган ырайымсыз мамилеси тынч элдин кыжырдануусун эки эсе күчөтөт. Бул жерден грузин лидери Михаил Саакашвили жеңилди деп эсептейм.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча департаментинин директорунун кеңешчиси Мелис Байсымаков Грузия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамиле болгону менен өтө деле мамлекеттик деңгээлдеги байланышууга жетише электигин белгилеп, Грузияда чукул кырдаал киргизилишин алардын өзүлөрүнүн ички иши катары баалады.

-Эми Грузиядагы кырдаал ошол мамлекеттин өздөрүнүн ички иши. Эгерде бизге чек аралаш мамлекет болсо анда бир чара көрсө болот эле. Азыр биз ал жердеги кырдалга сыртынан байкоо салып турабыз. Бирок ал жерде болуп жаткан маселелер Грузянын ички иши, -деди Мелис Байсымаков.

XS
SM
MD
LG