Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

ОРУСИЯ ДУМАСЫ КАДИМКИ КУРАЛДАР БОЮНЧА КЕЛИШИМГЕ КАТЫШУУНУ ТОКТОТТУ


Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик дума өлкөнүн Европадагы кадимки куралдар боюнча келишимге катышуусун токтотту. Тиешелүү мыйзам долбоору 7-ноябрда бир добуштан кабыл алынды. Эми документ парламенттин жогорку палатасы – Федерация кеңешинде жактырылышы керек. Ал эми Орусия президенти Владимир Путин өлкөнүн жогорудагы келишимге катышуусуна мораторий жарыялоону караган жардыгын быйыл июль айында эле чыгарган. Мамлекеттик дума болгону президенттин сунушун колдоп олтурат.

Европадагы кадимки куралдар боюнча келишим алгач 1990-жылы НАТО менен ал кездеги Варшава келишимине кирген 22 өлкөнүн ортосунда түзүлүп, 1992-жылы күчүнө кирген. Документ Урал тоолорунан Атлантика океанынын жээгине чейинки мейкиндикте жайгаштырылуучу өзөктүк эмес курал –жарактын, анын ичинде танктардын, брондуу машинелердин санын чектейт. Бул келишимдин жаңыланган, алымча –кошумчалар киргизилген үлгүсү кайра 1999-жылы ЕККУ уюмунун Стамбулдагы саммитинде кабыл алынган болчу.

Андан бери келишимдин жаңыланган үлгүсүн төрт гана өлкө: Беларус, Казакстан, Орусия, Украина гана ратификациялаган.

НАТО өлкөлөрү болсо алар келишимдин 1999-жылкы үлгүсүн Москва ошол келишим боюнча өз милдеттемелерин аткарып, Грузия жана Молдованын жикчил чөлкөмдөрүнөн аскерлеринин баарын, аскерий техникасы менен сактоодо турган ок-дарысын толук чыгарып кеткенден кийин гана ратфикацияларын айтып келген. Эки ортодогу буга чейинки негизги талаш мына ушул маселеге байланыштуу эле. Жагдай АКШнын Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу пландары боюнча Москва менн Вашингтон мунаса таба албаган соң курчуду.

Орусия президенти Владмир Путин өз өлкөсүнүн бул келишимге катышуусун 150 күндүн аралыгында токтотууну караган жардыгын быйыл 14-июлда эле чыгарган. Анын алдында июнь айында ушул маселе боюнча Венеда өткөн конференцияда Орусия алты нерсени сунуштаган. Алар Европадагы кадимки куралдар боюнча келишимдин 1999-жылкы үлгүсүн 2008-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө киргизүү, НАТО соңку кеңейүүлөрдүн натыйжасына топтогон аскерий потенциал үчүн ага кошумча чектөөлөрдү коюу, келишимди Балтиканын үч өлкөсүнө да жайылтуу, Орусиянын аймагында аскерлерди жана курал-жаракты жайгаштырууга коюлган чектөөлөрдү алып салуу, келишимди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу, "олутту аскерий күчтөр" деген терминге аныктама берүү жөнүндөгү сунуштар болчу.

Орусия тараптын пикиринде, бул сунуштар Европада Варшава келишими жоюлгандан кийинки геосаясий өзгөрүүнү чагылдырмак жана Европадагы кадимки куралдар боюнча келишимдин жаңыланып, ишке кирүүсү үчүн негиз болмок. Бирок тараптар бул маселелер боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алалган эмес.

Мамлекеттик думадагы добуш берүүдөн соң орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жагдайды төмөнкүчө комментарийледи:

- Биз бул адаптацияланган келишимден өз ратификациябызды чакыртып алган жокпуз. Биз эбак эле үмүтсүз эскирип калган келишимге катышуубузду гана токтотуп жатабыз. Биз Европадагы кадимки куралдар боюнча келишим жаңы шартка ылайык иштеп, модернизацияланышы үчүн анын адаптацияланган үлгүсүн башка катышуучулар ратификациялоосун күтүп жатабыз.

Орусиянын соңку кадамына карата Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму мамилесин азырынча билдире элек. Ал аталган уюмдун документи эмес, болгону ага мүчө өлкөлөрдүн ортосунда сүйлөшүлгөн.

НАТО болсо ага мүчө өлкөлөр келишимди Орусия Грузия менен Молдовадан аскерлерин алып кетмейинче ратификациялабашын билдиргени менен анын шарттарын сактоону улантарын буга чейин эле айткан болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG