Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

12:52 Германияда кыргыз тасмалары көрсөтүлүүдө


Германиянын Берлин жана Котбус шаарларында 1-ноябрдан тарта 14 күн бою кыргыз кинорежиссерлорунун тасмалары калкка көрсөтүлүүдө. 5-ноябрда Германиядагы белгилүү телеканалдардын бири “РББ” каналы аркылуу режиссер Нурбек Эгендин “ Бабалар керээзи” аттуу тасмасы көрсөтүлдү. Ал эми Эрнст Абдыжапаровдун “Боз салкын” жана “ Чек ара” тасмалары, Марат Алыкулов менен Темира Бирназаров тарткан «Парз» фильми 6-ноябрда башталган Түштүк Европа мамлекеттеринин кинофестивалында көрсөтүлүүдө. Бардыгы болуп Котбус фестивалында 27мамлекеттен 80 тасма катышууда. (AiJu)

XS
SM
MD
LG