Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

ИРАН АКШ – ГЕРМАНИЯ АЛАКАСЫНДАГЫ АРАБӨК МАСЕЛЕБИ?


Ушул дем алыш күндөрү АКШ менен Германия ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өткөн жатат. АКШ президенти Жорж Буш менен немец канцлери Ангела Меркел Буштун Техастагы үйүндө кездешмекчи. Меркел АКШга 9-ноябрда жол тартууда. Жолугушууда башка маселелер менен катар Иран проблемасы да талкууланары күтүлүүдө. Бирок дал ушул маселе боюнча тараптардын мунаса табуусу кыйын болчудай.

Немец өкмөт башчысы АКШ президентинин Техастагы ранчосуна чакырылган саналуу лидерлердин бири экендиги эки өлкө алакасы канчалык маанилүүлүгүнүн белгиси катары каралууда. Дегеле ушул апта транс - атлантикалык алакалардагы үзүрлүү учур болуп жаткандай.

Немец канцлеринин алдында Вашингтонго француз президенти Николья Саркози барды. Саркозинин "Американын жүрөгүн багынтуу" үчүн келдим деген сөздөрү жана Вашингтондон жасаган билдирүүлөрү мурдагы президент Жак Ширакты доорундагы АКШ-Франция алакаларын артка таштагандай болду. Эми Ангела Меркелдин да АКШга баруусу мурдагы канцлер Герхард Шрөдөрдүн тушунда Ирак согушунан улам бузулган мамилени унуткарууга багытталгандай.

Бирок, анын визити баардык эле маселелер боюнча ойдогудай болбошу мүмкүн. Алсак, АКШнын президенти Жорж Буш ушул аптада немец канцлери Меркел Техаска келген учурунда ага АКШ Иран проблемасы боюнча Германиянын жардамына айныксыз муктаж экенинин айтарын билдирген эле.

Вашингтон бул маселеде кандай жардамга муктаж экени белгилүү. АКШ Европада анын жолун туурап, шектүү өзөктүк программасынан улам Иранга каршы экономикалык санкцияларды күчөтүүсүн, анын ичинде жаңы инвестицияларды токтотуусун каалайт. Бул - Вашингтондун Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши аркылуу Иранга жаңы санкцияларды киргизүү аракети Орусия менен Кытайдын каршылыгынан улам ишке ашпай турган шартта өтө маанилүү.

Ал эми Меркел болсо, "Berliner Zeitung" гезитинде ушул аптада жарыяланган маегинде Улуттар уюмунун чегинен тышкары Иранга каршы чара көрүүгө даяр эмес экенин ишара кылды. Аналитиктер немец канцлеринин этияттануусун ички саясатка байланыштырышат.

Анткени, Меркелдин Христиан –демократтар партиясы азыр эзелки атаандашы Социал - демократтар менен коалицияда. Алар Иран проблемасы санкция эмес, сүйлөшүү жолу менен чечилүүсүнө артыкчылык беришет. Немец тышкы иштер министри Франк-Валтер Штейнмейер

Социал–демократтардын өкүлү. Германиянын эл аралык мамилелер кеңешинин эксперти Жон Хулсмандын пикиринде, мындай жагдай тышкы саясатты жүргүзүүнү кыйындатууда:

- Бул тышкы саясат боюнча маанилүү чечимдерге жетүүнү чынында эле татаалдаштырууда. Албетте, андан башка маселе - Германиянын Иранда реалдуу бизнес кызыкчылыктары бардыгында, өзгөчө банк жана инвестиция чөйрөсүндө.

Айткандай эле, Германия Ирандын маанилүү экономикалык өнөктөшү. Эки тараптуу соода соңку жылдары өсүп олтуруп, 2006-жылы Германиянын Иранга экспортунун жалпы көлөмү 5,7 миллиард долларга жеткен. Иранда Германиянын 1000ден ашуун компаниясы иштейт. Арасында Сименс, Мерседец – Бенц өңдүү ири ишканалар да бар.

Немец расмий өкүлдөрү АКШ менен Иран маселесинде шериктештигин билдирген француз президенти Николя Саркози катаал сөздөрүнө карабай, буга чейин бир эле нерсени жасаганын, француз команияларына Иранга жаңы инвестициясын токтотууну сурап кайрылганын гана белгилешүүдө.

Германиянын эл аралык мамилелер кеңешинин эксперти Жон Хулсман, азыр Европанын бир да өлкөсү өз алдынча аракетенүүнү каалабасын, алар бирикмейинче Иранга каршы экономикалык санкция киргизе албасын айтат:

-Алар чогуу аракеттенмейинче аны ( экономикалык санкцияны) жасай албайт. Еврошаркеттин Иранда кеңири кызыкчылыктары бар үчилтиги: Германия, Франция, Британия, аларга кошумча Италия чогуу аракеттенбесе муну аткаруунун мааниси жок.

Ал эми ранчодогу сүйлөшүүлөрдө АКШ жана Германия лидерлери Иран сындуу маселелер боюнча эки ортодогу пикир - келишпестиктерди жок дегенде коомчулук үчүн жымсалдоо аракетин көрчүдөй.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG