Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Ооганстанда 2005-жылдан тарта жанкечтилердин чабуулдары күчөгөнү белгилүү. Бул үчүн эки коңшу: ооган жана пакистан бийликтери бири-экинчисин айыптап келе жатат. Ал эми Улуттар уюмунун Ооганстандагы мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө аталган эки өлкөдө тең расмий өкүлдөр менен катар карапайым калк да жанкечтиликти өздөрүнүн табиятына тиешелүү көйгөй катары эсептебесин көргөздү.

Ооганстанда 2005-жылдан тарта жанкечтилердин чабуулдары кандай жолдор менен жайылып жатканын аңдап, билүүнү көздөгөн иликтөөнү БУУнун бул өлкөдөгү жардам көргөзүү миссиясы жүргүзгөн. Кристина Фэйр ошол иликтөөнүн координатору жана негизги автору. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде иликтөөнүн айрым тыянактары тууралуу:

- Эң маанилү картина - оогандар жанкечтилердин чабуулдарын Пакистанга мүнөздүү көрүнүш деп сыппаттону жакшы көргөндүгү. Пакистан болсо узактан бери эле бул алардын эле иш эмес экенин айтып келүүдө.

Иликтөөнүн автору кошумчалагандай, жанкечтиликте эки жактын тең үлүшү бар жана бул көйгөй эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү чек арадагы начар көзөмөл үчүн бири-экинчисин айыптоону улантып жаткан шартта чечилчидей эмес:

- Бул иликтөө - проблеманы чечүүнүн ачкычы эки жакта тең, Ооганстанда, Пакистанда да жатканын айткан алгачкы документ. Пакистандыктар иликтөөгө алардын катышы бардыгын өтө эле күчөтүп жиберген деген жүйөө менен катуу нааразы болгондой.

Жанкечтилик 2005-жылга чейин Ооганстанда сейрек кездешкен көрүнүш эле. Андан бери жанкечтилердин чабуулдары күчөдү, орто эсеп менен жумасына үч-төрт ирээт орун алууда.

БУУнун Ооганстанга жардам көргөзүү миссиясынын өкүлү Кристина Фэйр белгилегендей, алардын иликтөөсү бир нече булактан алынган маалыматтарга негизделди. Жанкечтилердин чабуулдары кчан, кайсыл жерде болгону, канча адам каза тапканы эске алынды. Сурамжылоого ошондой эле жанкечтиликке даярдалып, бирок кийинчерээк жардыруу жасоодон баш тарткан 25тей адам тартылган. Алардын көбү, айрымдарын гана эске албаганда, Пакистанда машыгуудан өткөн оогандар. Мындан сырткары буга чейин жардыруу жасаган жанкечтилердин ким экендиги боюнча тыянак чыгарган ооган коопсуздук күчтөрүнүн айрым өкүлдөрү менен да маектешүүлөр жүргүзүлгөн. Бул сурамжылоо, Кристина Фэйрдин айтымында, жанкечтилердин ким экендиги жеткилең иликтенбестен эле аныкталарын көргөздү. Ооган расмий өкүлдөрү аргумент катары бир чети күлкүлүү фактыларды келтиришкен:

- Кол салгандар оогандар эмес, 18 –24 жаштын аралыгындагы пакистандыктар, Вазирстан чөлкөмөнөн келгендер экенин бир неч ирээт айтышты. Мен да алар мындай тыянакка кандайча келгенин кайта –кайта сурадым. Полиция башчысыбы же коопсуздук башкармалыгынын офицериби окшош себепти айтышты. Жардыруудан соң жанкечтинин буту калган. Ал күрөң түстө болгондуктан пакистандык адамдыкы. Оогандардын буту күрөң эмес деген жүйөөнү келтиришти. Бул жерде оогандын бутун пакистандыктыкынан айрымалай турган ыкма жок. Демек, ооганстандыктар жанкечтилердин жардырууларна каршы чара көргөн башка өлкөлөр сыяктуу эле алардын ким экендигин терең иликтөөгө алмайынча, оогандар арасында жанкечтилер - пакистандыктар деген жалпы маанайдын өкүм сүрүшүнө шарт түзүлө берет.

Кристина Фэйрдин айтымында, иликтөө учурунда алынган далилдер жанкечтиликке тартылган ооогандардын көбү психологиялык жактан кесел, арак-шарапка берилген адамдар, атүгүл наркомандар экенин да көргөзгөн. Алар жанкечтиликти өз күнөөсүнөн арылууну, үй –бүлөсүнүн абройун калыбына келтирүүнү көздөгөн вазийпа катары кабыл алышат.

Бирок жанкечтиликке баргандардын керээзи жазылган видеотасмалардын жоктугунан уламбы, карапайым оогандар азырынча аларды шеит кеткендер катары даңктоону каалабай тургандай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG