Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

РОЗА ОТУНБАЕВА: ГРУЗИЯДАГЫ ЖАНА БИЗДЕГИ ПРОЦЕССТЕР ОКШОШ


«Азаттык» үналгысы менен белгилүү саясатчы, Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева, Грузиядагы азыркы болуп аткан окуялардын айланасында маектешти.

- Сиз кезинде Грузияда Улуттар уюмунун өкүлчүлүгүндө да иштеген элеңиз. Бул өлкөдөгү саясий чөйрөнү, элдин менталитетин бир аз билсеңиз керек. Соңку окуяларды кандай баалайсыз? Грузин президенти айтып жаткандай бул Орусиянын кийлигишүүсү менен чыгып жаткан окуяларбы же өлкөнүн өзүндө бир жүйө болуп жататбы буга?

- Мен 2002-жылдан баштап Грузияда Бүткүл улуттук уюмдарынын конфликт боюнча 2 жыл башкы өкүлдүн орунбасары болуп иштеп калдым, Тблиси, Сухумиде жашап калдым. Биринчиден, мен айтат элем Грузиянын алдында эки чоң конфликт бар, Абхазия жана Түштүк Осетия менен. Бирок, бул өлкөлөр менен ички конфликт болгону менен, жалпы Грузияда территориялык билимдик сезими абдан күчтүү. Мындай идеяны жалпы Грузия эли колдойт. Кайсы бир ички кыйынчылыктар болбосун, саясий коллизиялар болбосун территориялык биримдик жөнүндө кеп болгондо, булар бир адамдай турушат. Башка күчтөр кийлигишеби же жокпу деген суроого мындай жооп берет элем. Дайыма бирөө алып келип атат, Америка же Орусия революцияларга таасир этип атат, тиги-бул деп айтканы бул туура эмес көз караш. Сөзсүз биз жалгыз, жеке жашап аткан жокпуз бул дүйнөдө. Бирок баары ички себептерден болуп атканына мен толук ишенем. Грузиядагы азыркы окуялар бул ички саясий өнүгүү.

- Телеканалдар көрсөтүп атышты, демонстранттар күч менен таратылды. Адам укугун, демократиянын баалуулуктарын өзгөчө урматтаган батыш Европа коомчулугу Гурзияны азыр сабырдуулукка, саясий күчтөрүн диалогго гана чакырууда. Билесиз, Грузиянын азыркы жетекчилигинин саясаты бул батышчык мааниде болуп келген. Мына соңку окуялардан кийин батыш коомчулугунун Грузияга карата саясаты өзгөрүшү мүмкүнбү?

- Биринчиден, сырткы байкоочу катары мындай дейт элем. Мен өтө деле сыртта тура албайм, Грузияда менин көп досторум, тааныштарым бар. Биз да Грузиядай, Украинадай саясий өзгөрүштөрдөн өтүп атабыз. Бирок, негизи үч өлкөгө таандуу бизде да процесс жүрүп атат, президенттик режим, президенттик бийлик азыркы биздин саясий учурда абдан күчтүү кол менен иштебей атат, катуу бийлик орнотуу деген болбой калды. Мисалы, Грузияда канчалык парламент күчтүү болсо да ал жерде президенттик башкаруу. Эл президенттик башкарууга макул болбой атат. Руставели аянтында турган оппозиция баштаган эл президентти шайлоо кодексине көп өзгөрүүлөрдү киргизсин, парламент күчтүү болсун деп айтып атат. Биз деле Кыргызстанда туура жолго түшүп атканыбыз, бул күчтүү пропорциалдуу шайлоонун негизинде келе турган парламент. Антпесе авторитардык же президенттик башкаруу азыр өтпөй калды.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG