Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Ооганстанда америкалык алты аскер жана үч ооган жоокери мерт болду


Дагы 19 аскер кызматчысы жаракат алды. Бул тууралуу НАТО командачылыгы билдирди. Окуя кечээ өлкөнүн чыгышындагы Нуристан провинциясына орун алып, согушкерлер аскерий кербенге буктурмадан кол салган. Ал эми түндүктөгү Кундуз провинциясында бүгүн жанкечти миналанган автоунааны немец аскерлеринин кербени жанында жардырды. Андан жанкечтинин өзү жана бир жөн -жай тургун мерт болгон. Германия жоокерлери жабыр тарткан жок. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти талибдер алды.

XS
SM
MD
LG