Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Пакистандагы өзгөчө абал бир айдын аралыгында жоюлушу мүмкүн


Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Малик Мохаммад Кайюм билдирди. Президент Первез Мушараф өзгөчө абалды мындан бир апта мурун киргизген эле. Пакистан оппозициянын лидерлеринин бири, соңку бир суткадан бери үй камагында отурган Беназир Бхутто бүгүн Исламабаддагы үйүнөн чыга алды жана журналисттердин нааразылык акциясына катышты. Кечээ полиция анын жактоочуларынын митингин күч менен кууп таратып, ондогон кишилер камакка алынган. АКШ Мамлекеттик департаменти Мушарафты өзгөчө абалды жоюп, өлкөнү Конституциянын жана демократиянын нормаларына кайтарууга кечээ да чакырды. Мушараф өлкөдөгү парламенттик шайлоо келерки жылдын 15-февралына чейин өтөрүн ушул аптада жарыялады, бирок шайлоонун так мөөнөтүн айта элек.

XS
SM
MD
LG