Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

ГРУЗИЯНЫН АЙЛАНАСЫ АНДАГЫ ОКУЯЛАР ЖӨНҮНДӨ


Грузияда өзгөчө абал сакталууда. Президент Михаил Саакашвили эрте шайлоого макул болуу менен өзүнүн саясий оппоненттеринин талабын орундаткандай болду. Бирок, анын бул чечиминин алдындагы окуялар: оппозиция митингинин катышуучуларын полиция ур-токмоко алып, таратуусу, өзгөчө абалдан улам маалымат каражаттарынын ишине киргизилген чектөөлөр Грузиянын өнөгөсүн эски совет аймагынын башка лидерлери үлгү кылып албайбы деген тынчызданууларды жаратпай койгон жок.

Грузин президенти Михаил Саакашвили президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда, келерки жылдын январында өткөрүүгө макул болушун грузин оппозициясы өз жеңиши катары кабылдады. Анткен менен коңшу жана аймакташ өлкөлөрдөгү оппозициячыл кыймылдар андан мурдараак орун алган окуяларга, полиция демонстранттарды таратуу үчүн аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ, желим окторду колдонуп, өкмөт өзгөчө абал киргизип, мамлекет көзөмөлүндөгү теледен башка радио-телекомпаниялардын ишине тыюу салынышына өзгөчө көңүл бурууда.

Жогорудагы чаралар Саакашвилини региондун башкы демократы катары эсептегендер үчүн андан күтүлбөгөн жагымсыз кадам болду. Грузияга караганда, көбүрөөк автократиялык режимде жашаган коңшу өлкөлөрдүн калкы ушул аптадагы окуялар коркунучтуу прецедент жаратканы үчүн тынчызданышууда.

Мындай тынчыздануулар өзгөчө коңшу Арменияда күчтүү. Бул жерде келерки апта,16-ноябрга оппозициянын өкмөткө каршы демонстрациясы белгиленген. Өткөн айда да ушундай эле демонстрацияга 30 миңдей адам катышып, президент Роберт Кочерянды отставкага кетүүгө үндөгөн чакырыктар айтылган эле. Андагы демонстрация тынч өткөн. Бирок оппозиция өкүлдөрү Грузиядагы митингдин кууп таратылышы жана ага карата Батыштан жумашак гана сын айтылганы жергиликтүү жетекчилерди шыктандырды деп чоочулашууда. Арам Карапетян - оппозициядагы Жаңы мезгил партиясынын лидери:

- Мунун баары Арменияда да күтүлүүдө. Менин түшүнүгүмдө, эгер шайлоо бурмаланса, адамдар көчөгө чыгат. Грузиядагыдай эле чаралар бул жерде да киргизилет. Саакашвилинин жасаганы кечирилгис.

Эски совет аймагынан Украина Грузиянын жакынкы өнөктөшү катары эсептелинип жүрөт. Бирок , 2004-жылкы саргылт ыңкылаптын лидерлери президент Виктор Ющенко менен мурдагы премьер – министр Юлия Тимошенко бул аптада коомчулукка эч нерсе айтышкан жок. Украина тышкы иштер министрлиги тараптарды диалогко жана тынчтыкка чакырып, Тбилисиге өз өкүлүн жөнөттү.

Ал эми Грузин президентинин батышчыл саясатынан улам алакасы жакшы эмес Орусия бул жердеги чаң-тополоңду өз кызыкчылыгына пайдаланып жаткандай. Орус телеканалдары окуяны кеңир чагылдырып, элге батышчыл маанайдагы ыңкылаптар баш –аламандык гана алып келээрин каңкуулап жатты. Мамлекет көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары Саакашвилини "диктатор" ирээтинде мүнөздөштү. Орусия тышкы иштер министрлиги Саакашвилинин өкмөтүн адам укуктарын менен эркиндиктерин бузганы үчүн айыптады. Михаил Камынин орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү:

- Бизди бүгүн Грузияда адам укуктары жаатында орун алып жаткан окуялар кыжырдантууда. Грузия укукту коргоо жагынан курч кризиске келе жатат деп эсептейбиз.

Бийликте Европанын акыркы диктатору отурат делген Беларусиянын өкмөтчүл күчтөрү да рузин жетекчилерин демократиялык баалуулуктарды унутканы үчүн күнөөлөштү. Сергей Хайдукевич - Беларусиянын өкмөтчүл Либералдык-демократиялык партиясынын лидери:

- Грузиянын жетекчилиги демократиялык принциптерди гана унутпастан, бийликти абдан сүйүп калды. Бул илдет менен баары оорушат. Бийлик азгырма болгондуктан, ал үчүн баары жасалат. Бул - чоң жаңылыштык. Менимче, кырдаал курчуй берет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG