Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

12:35 Кыргызстан Казакстандан 65 миң тонна буудай, 10 миң тонна ун сатып алды


300 миңге чукул социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөөлөр азыр ун менен ийкемдүү баада камсыздалууда. Бишкек жана Чүй обулусунда ун берилип бүттү. Дүйшөмбүдөн баштап эми аны аймактарга жеткирүү колго алынат. Бул тууралуу билдирген өкмөт башчынын милдетин аткаруучу өлкөдө ун менен буудайдын керектүү запасы бар экендигин белгилеп, кырдаалды курчутуу максатын көздөгөндөр ушагына ишенбөөгө кечээ үндөп өттү. Учурда Казакстан менен Орусиядан дагы буудай алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Соңку эки ай ичи өлкөдө азык-түлүк кымбаттап, нан баасы 8 сомго чыккан эле. (EKa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG