Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

19:15 Качкындар иштери боюнча БУУнун Башкы комиссары Кыргызстанга келди


Антонио Гутеррешти Азия жана Тынч океан аймагы боюнча регионалдык бюро төрайымы Жанет Лим коштоп келди. 12-ноябрда алар Борбор Азиядагы качкындарды кабыл алуу боюнча биринчи борборунун ачылыш аземине катышат. Ушул эле күнү Качкындар иштери боюнча БУУнун Башкы комиссары Антонио Гутерреш президент К. Бакиев, тышкы иштер министри Э.Карабаев жана баш прокурор Э.Сатыбалдиев менен жолугат. Сүйлөшүүлөр өзөгүн качкындар үчүн Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы башпаанек системасын жакшыртуу маселеси түзмөкчү. (EKa)

XS
SM
MD
LG