Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Грузияда өзгөчө абал сакталууда. Грузин бийликтеринин аяктаган аптада демонстранттарга каршы көргөн чаралары оппозицияга мамиле кылуунун жакшы, жаман жолдору боюнча талкууларга жем ташбай койгон жок. Тбилисинин борбордук аянтынын оппозиция жактоочуларынан көздөн жаш агызуучу газ, желим ок колдонуу менен тазалануусу дүйнө өлкөлөрүндө сын-пикирлерди жаратты. Бирок президент Михаил Саакашвилинин эрте шайлоо жарыялоо жөнүндөгү кийинки кадамы саясий кризисти көчөдө эмес, шайлоо бекеттеринде жөнгө салуучу кадам катары кубаттоого алынды.

2-ноябрь күнү Тбилисинин көчөлөрүнө оң миңдеген адамдар чыкканда, алардын талаптары да эски совет аймагынан башка өлкөлөрүнөн угулуп келген талаптарга окшош эле. Оппозиция лидерлеринин бири, конфликтерди жөнгө салуу боюнча мурдагы министр Гиоргий Хиндрава анда буларды билдирген:

- Биз эркин жана демократиялык шайлоо Конституцияда каралган мөөнөттө, келерки жылдын жазында өтүшүн талап кылып жатабыз. Биз президенттин кызматтан чегинүүсүн талап кылууну көздөгөн жокпуз. Биз ал Конституциянын чегине кайтуусу жөнүндө гана маселе коюп жатабыз.

Президент Михаил Саакашвили баштаган грузин бийликтеринин оппозиция минтингинде жасаган алгачкы мамилеси деле эски совет аймагынын калган өкмөттөрүнүн көпчүлүгүнүкүнө окшош болду. Саясий мүнөздөгү демонстарацияларды кууп, таратуу фактылары Азербайджанда, Беларуста, Орусияда, Өзбекстанда, Кыргызстанда да орун алган эле.

Мындан төрт жыл мурун "роза ыңкылабы" аркылуу өзү бийликке келгенден бери өкмөткө каршы эң ири нааразылык акциясына туш болгон грузин президенти Саакашвилинин чыдам түгөнүп, коопсуздук күчтөрүнө көчөнү тазалоо буюругун 7-ноябрда берген. Башкалаа Тбилисинин мэри Гиги Угулава ал күнү бийлик чечимди өз учурунда кабыл алганын мүнөздөп, жүйөөсүн төмөнкүчү түшүндүргөн эле:

- Мен демонстранттар теледен бүгүнтөн тартып Тбилиси чатырлардын шаарына айланарын сыймыктануу менен жарыялап жатканын уктум. Биз буга жол берген жокпуз. Ооба, биз буга мыйзамдын талабын орундатуу, бул биздин жарандарыбыздын ар биринин кызыкчылыгындагы иш экендигинен улам жол берген жокпуз. Алардын мыйзамдуу каалоосу: шаары, өлкөсү, эч убакта кайрадан чатырлардын, дөңгөлөктөрдүн, төшөк каптардын шаарына айланбашы керек.

Анткен менен эл аралык коомчулук маселеге мындай көз карашта караган жок. Батыштын реакциясы өлкөдө өзгөчө абал жарыяланып, полиция оппозициялык телеканалды кеңсесин басып алып, мамлекет көзөмөлүндөгү коомдук теледен башка радио –телекоманиялардын ишине тыюу салынганда катууланды. АКШдан билим алып, өзүн демократ катары мүнөздөгөн Саакашвилинин автократиялык чараларга барганы батыш басма сөзүн шок абалына алып келгендей болду. Ал бийликке келгенден бери Грузиянын экономикасы чыңдалганы, коррупция кыскаргандыгы өңдүү жакшы жышаандар дароо эле унутта калгансыды.

Маселен, британдык "The Times" басылмасы өзгөчө абалга алып келген окуяларды Грузиядагы роза ыңкылабынын бүтүшү катары мүнөздөдү.

Батыш лидерлери Грузияда өзгөчө абал киргизилишин ачык айыптабаганы менен бийликти жана оппозицияны сабырдуулукка, токтоолукка чакырып жатты.

Бирок президент Саакашвилинин эрте шайлоого баруу жөнүндөгү кийинки чечими, батыш басма сөзүндө, атап айтканда америкалык "The Wall Street Journal" басылмасында бийлик үчүн күрөштү көчөдөн, шайлоо үкөгүнө которгон, өлкөнү стабилдештирүүгө жардам берүүчү чара катары кубаттоого алынды. Саакашвилинин өзү шайлоого эртелеп бел байлаганын мындайча түшүндүргөн эле:

- Бул улуттун лидери катары тышкы коркунучтун баарына, Грузияга тыштан жасалган кысымдын баарына, Грузиянын аймагын аннекциялоо аракетине каршы туруу үчүн мага мандат керек.

Айтор, грузин президенти удаа колдонгон автократиялык жана демократиялык эки ыкманын башка лидерлер үчүн сабактары барбы?

Грузин президенти оппозиция бийлик алардын жактоочуларына каршы көчөдө көргөн чарадан упай топтогону менен шайлоо кампаниясы аркылуу андай колдоо таба албайт деп эсептеп жаткандай.

Эмнеси болсо да Саакашвилинин стратегиясынын баалуулугу, грузин калкы президентти 5-январда мурда белгиленген мөөнөттөн дээрлик бир жыл эрте шайланганда билинет. Эгер шайлоо эркин жана адилет өтсө, саясий күрөш өз чегинде калчыдай, андай болбосо эл кайра эле көчөгө чыгышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG