Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

ОРУС КЛАССИКАСЫ БИЙЛИК КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН КОЛДОНУЛА БАШТАДЫБЫ?


Орус жазуучусу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын негизинде тартылган көркөм тасма өткөн жумада сыналгыдан көрсөтүлдү. Маданият ишмерлери бул тасма орус адабиятынын Алтын кылымына карата кызыгууну жандандырат десе, айрым байкоочулар орус өкмөтү сыналгыны алдыдагы шайлоого карата, бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясына упай топтоо үчүн колдонуп жатат деп коңгуроо кагууда.

7-ноябрь күнү кечинде Орусияда миллиондогон көрүүчүлөр жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын негизинде тартылган тасманы көрө алды.

Орусия менен Италиянын биргелешкен тасмасы алты өлкөдө тартылып, орус адабиятынын шедеврин чагылдырууда жаңы багыт катары бааланды. Искусство сынчысы Виктор Сонкин тасманы орус классикасына болгон кызыгуу катары баалап, тасма кеңири аудиторияга багытталганын айтат:

Менимче, бул классикага кайтып келүүнүн бир жолу. Анткени, менин баамымда, классикалык чыгармалардын негизинде тартылган тасма көрүүчүлөр арасында өзгөчө кызыгууну жаратат.

Соңку жылдары Орусияда бир катар классикалык романдарга тасмалар тартылды. Алардын ичинде Федор Достоевскийдин “Кейбир”, Борис Пастернактын “Доктор Живаго”, Михаил Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романдары бар.

Бирок саясий байкоочулардын баамында, өткөн жумада көрсөтүлгөн “Согуш жана тынчтык” тасмасы бир топ маанини ташыйт. Москвадагы “Карнеги” атындагы борбордун адиси Маша Липман, парламенттик шайлоого бир ай калганда бул тасманын көрсөтүлүшү жөн жерден эмес дейт:

Сыналгы өткөн замандын эң сонун учурларын жана азыр өкүм сүргөн бийликтин күчтүү тараптарын абдан жакшы көрсөтө алат. Албетте сыналгы Кремль тарабынан өз кызыкчылыгы үчүн колдонулуп келет. Бийлик сыналгыны шайлоонун алдында коомчулук арасында өзүнө керектүү маанай түзүү үчүн колдонууда. Буга мисал “Согуш жана тынчтык” тасмасы.

Орусияда үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында парламенттик шайлоо болот. Анда көпчүлүк добушту бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы алат деп күтүлүүдө. Партиялык тизменин эң жогорку тепкичинде президент Владимир Путин турат. Байкоочулардын баамында, аталган партия бери дегенде 70 пайыз добушка ээ болот.

Сынчылардын баамында, азыркы бийлик өлкөдөгү үч негизги сыналгыны көзөмөлдөгөндүктөн, шайлоо таза өтпөйт. Азыртадан эле оппозициялык маанайдагы партияларга эфир мөөнөтү жеткиликтүү берилбей жатканы айтыла баштады. Өткөн жылы президент Путин мектептердеги тарых китептерин бир тараптуу кайра жаздыртып жатат деп сынга алынган эле. Тарых китептеринде Иосиф Сталин эң мыкты лидер катары көрсөтүлүп, ал китептерде миллиондогон адамдар өлгөн эмгек лагерлери тууралуу маалыматтар жокко эсе. Ал эми өткөн жумада көрсөтүлгөн “Согуш жана тынчтык” тасмасында болсо, 1815-жылы орус армиясы кантип Наполеондун аскерин жеңгендиги тууралуу баяндалып, Орусия күчтүү держава катары сүрөттөлөт. “Карнеги” атындагы борбордун адиси Маша Липманды уксак:

Бул албетте орус элинин жеңиши болгон жана албетте “Согуш жана тынчтык” чыгармасы орус адабиятынын шедеври. Бирок азыркы бийлик муну өз кызыкчылыгы үчүн колдонууда.
XS
SM
MD
LG