Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

ЖАЛАЛАБАТ: МАМЛЕКЕТТИК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНА ТАЛАП ЧОҢ, КОЛДОО АЗ

  • Ырысбай Абдыраимов

Жалалабат облусундагы маалымат каражаттарынын облустук сыналгы жаңы жабдууларга муктаж. Каражаттын тартыштыгынан район-шаардык басылмалар жумасына же айына бир ирет чыгат. Облустук “Акыйкат” гезитинин проблемалары чачтан көп. Жергиликтүү бийлик алардын маселесин акырындап чечээрин билдирди.

Облустагы маалымат каражаттарынын түйшүгү түмөн. Жалалабат телерадиокомпаниясынын обо убакыты кыскарып олтуруп, көрсөтүүсүн аптасына бир ирет өлкө аймагына таркатчу болду. ЭЛТР телеканалы аркылуу түштүк аймагына эки ирет чыкканда да маанилүү окуяларды убагында элге тартуулоого мүмкүнчүлүгү жок. ЖТРдин төрага орунбасары Тынычбек Мамаевдин айтымында, телеканал он метр жыштыкта берүүлөрүн таркатуучу жабдууга муктаж.

- Эфирдин кыскарылышы менен журналисттердин маалымат майданындагы сенсациялуу материалдарды берүүгө оперативдүүлүгү жоголду. Мурдагы жылдары үч жолу эфирге чыкчы элек. Башка облустарда атайын 10 дециметр каналга чыгышып, баардык көрсөтүүлөрүн элге тартуулап жатышат. Биз ушул жактан аксап жатабыз, - дейт Тынычбек Мамаев.

Эки баскычтуу бюджеттин айынан жана каражаттын тартыштыгы менен район-шаарлардагы басылмалар жумасына же айына бир ирет жарык көрөт. Мындай ыкма менен жарандардын маалымат алуу эркиндиги басмырланууда. Натыйжада райондук басылмалар Базаркоргон райондук “Арстанбап таңы” гезити өңдүү жергиликтүү бийликтердин отчеттору менен билдирүүлөрүн таркатаар тиркемеге айланып калган. Редактор Раимжан Кадыркуловдун эсеби боюнча гезит 14 жылдан бери соцфонд карызынан кутула албай келүүдө.

- Айына бир жолу чыгарганга убада кылганбыз. Редакциянын 1993-жылдан баштап социалдык фондго 24 миң сом карызы бар,- дейт Раимжан Кадыркулов.

Нускасын көбөйткөнү менен облустук “Акыйкат” гезитин чачтан көп түйшүктөр тушап, каржылык абалы чеке жылытаарлык эмес. Эки тараптуу келишимден түшкөн каражаттарга редакция өзү ээ боло албайт. Басылманын редактору Самидин Стамбековдун айтымында казынадан эмгек акыга гана каражат каралганына карабай, акыркы убакта жамаат тармактык текшерүүчүлөрдүн төрт ирет текшерүүсүнө дуушар болгон. Облустук бийлик жада калса таркатылган гезиттер үчүн гезиттин 380 миң сомдук аласасын почта тармагынан өндүрүп бере албай келатат. Каражат менен камсыз кылбаган жергиликтүү бийлик буйрук берүү менен убара.

- Өзүбүз тапкан каражатты өзүбүз кенен пайдалана албай жатабыз. Бир жарым жылдын ичинде төрт жолу чоң текшерүү болду. Эки жылда бир жолу текшериш керек эле. 380 миң сомдун айланасында аласабыз бар. 400 миң сомго чыгып кеткен. 20 миң сомун араң беришти. Обладминистрация тарабынан материалдык эч кандай жардам болгон жок,- деди Самидин Стамбеков.

Гезиттин аласасын өндүрүп берүү үчүн почта башкармасы менен сүйлөшүү кайра козголмокчу. Жергиликтүү басылмалардын муктаждыгы үчүн каражат караштырылууда. Облустук сыналгыга 100 миң сомдук монтаж үстөл сатып берүү маселеси чечилээр алдында турат. Облбийликтин маалымат катчысы Мухамеджан Суранчиев маалымат каражаттарына басым жасалбай, алар өз алдынча иштеп жаткандыгын билдирди.

- Облустук телевидениеге 100 миң сомдук монтаждык үстөл алып берели деп жатабыз. Журналисттерге эч канчан тигини жаз, муну жаз деген сыяктуу буюртмалар биз тараптан болбойт,- деди Мухамеджан Суранчиев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG