Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

14:10 Кыргызстанга БУУнун качкындар боюнча комиссариатынын аткаруу комитетинин курамына кирүү сунушталды


Бул тууралуу БУУнун жетекчилигинин сунушун качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гуттереш Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге тапшырды. Ал мамлекет башчынын кабыл алуусунда болуп, Кыргызстан адам укугун, анын ичинде качкындардын укугун коргоо жаатында демократиянын жоболорунан тайбай келе жатат деген пикирин айтты. Президент өз кезегинде Кыргызстан он жылдан ашык убакыттан бери БУУнун качкындар комиссариаты менен иштешип келе жаткандыгын айтып, акыркы жылдары качкын макамын алууну каалагандардын саны азайгандыгын белгиледи. Курманбек Бакиев Кыргызстан мындан ары да демократиянын жоболорунан тайбайт, деп айтты.
Айрым укук коргоо уюмдары акыркы жылдары Кыргызстанда адам укугунун бузулушу жана сөз эркиндигинин чектелиши көбөйгөндүгүн белгилешкен.
(ZKo)

XS
SM
MD
LG