Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

14:40 Укук коргоочулар Кыргызстанда адамдардын эркин чогулууга болгон укугу коркунуч алдында турат деп эсептешет


Башмыйзам жана башка мыйзамдар, эл аралык стандарттар Кыргызстанда жарандардын эркин, куралсыз тынч чогулуусуна, өз ойлорун ачык айтуусуна уруксат бергени менен иш жүзүндө таптакыр тескерисинче болуп жаткандыгына тынчсызданган укук коргоочулар өлкөдө адам укуктары боюнча абал начарлап кеткендигин айтышууда. Алар бул тууралуу кайрылуу менен президентке кайрылуу жасап, Башмыйзамдын кепили катары жарандардын Конституциялык укугун сактоону талап кылышты. “Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында митингге чакыруу кагаздарын чаптап жүрүшкөн жеринен “Жашылдар” партиясынын жаш канатынын беш мүчөсүн, 18-октябрь күнү “Биздин кылым” жаштар уюмунун жетекчиси Чынара Айтбаеваны милиция кармаган. Ошол эле күнү “Жашылдар” партиясынын кеңсесин милиция мыйзамсыз түрдө тинтүүгө аракет жасаган. 19-октябрь күнү митингдин алдында “Жашылдар” партиясынын эки мүчөсүн милиция кармап кеткен. 10-ноябрь күнү “Диктатурага жок де” деп аталган митингдин бир нече катышуучулары тартип коргоо органы тарабынан кармалган. Бардык учурда тең кармоо тууралуу протокол түзүлгөн эмес, мыйзамдуу иш-аракеттер жүргүзүлбөгөн. Ар бир учурда жарандардын тынч, эркин чогулуусуна бут тосуу болгон,” деп жазылат кайрылууда. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG