Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

УТРКнын БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ КВОРУМ ЖОК КАНТИП ИШТЕП АТАТ?


Улуттук телерадио корпорацияны реформалоо, коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу максатында түзүлгөн Байкоочу Кеңеш ишин баштабай жатып, ыдырап кеткени белгилүү. Байкоочу Кеңештин 8 мүчөсү өз ыктыяры менен мүчөлүктөн баш тарткан. Ушундан улам кворум болбой, Байкоочу Кеңеш чечим кабыл ала албай калган. Бирок, анын калган мүчөлөрү ишин улантып жатканын Байкоочу Кеңештин мүчөсү Исмаилжан Шайбеков “Азаттык” менен болгон маегинде айтып берди.

- Байкоочу Кеңеште кворум жок болсо да иштеп атыпсыздар, азыр кандай иштерди жасап жатасыздар?

-Массалык маалымат каражаттарында Улуттук телерадио корпорациясынын Байкоочулук Кеңеши азыр тарап кетти деген маалыматтар тарап жатат. Мен бул маалыматты четке кагаар элем. Себеби, биздин кеткен мүчөлөрүбүз бар. Бирок аларды кетти деп азыркы күндө толук айтууга болбойт. Анткени мыйзамдуу юридикалык жагын карасак, алардын кеткендиги тууралу документтер биздин колубузда жок. Ал эми калган мүчөлөрү болсо азыркы учурда ишибизди улантып жатабыз деп айтсак болот. Мындай кишилер азыр жетөөбүз. Биз негизинен кеңешибиздин регламентин 19-октябрь күнү кабыл алганбыз. Андан сырткары азыркы учурда жасап жаткан ишибиз, албетте, чечим кабыл ала албайбыз мыйзам боюнча, бирок ошондой болсо дагы Улуттук телерадио коропациясынын уставы боюнча талкуул жүргүзүп жатабыз. Андан тышкары генералдык директорду, жетекчилерди шайлоо боюнча жобо иштеп чыккан. Азыр ошону талкуулап жаткан учурубуз болуп атат.

-Кетип калган мүчөлөр менен өз ара сүйлөшүп, аларды кайра кайтаруу аракети болдубу силер тараптан?

- Мен регламент кабыл алдык деп айтпадымды. Регламенттин 5-пунктунун үчүнчүсүндө мындай деп жазылып турат. Эгерде преседатель жок болсо советтин мүчөлөрү өзү бир председателди шайлап алып, ошону менен иш жүргүзө берет деген регламентибизде бар. Ошол боюнча ар бир чогулган жыйналышыбызда бирден председателдиктерди шайлап алып, иш жүргүзүп атабыз. Өткөнкү чогулушта, мисалы, мени председатель кылып шайлашты, кийинкисинде дагы башка бирөөнү шайлашы мүмкүн.

Биз кеткен адамдардын ар бири менен телефон аркылуу байланыштык, бирок өздөрүнө жолугууга бизде мүмкүнчүлүк болгон жок. Телефон чалып сүйлөшкөнүбүздө баары “макул барабыз, келебиз” деген сөздөрдү айтышат, бирок келишпей жатат. Юридикалык жактан мыйзамдуу кылып арызыңыздарды алып келип бериңиздер деген сунуштарды дагы айттык, ага деле макул деп коюшуп, келбей жатышат.

Кеткен мүчөлөрдүн ичинен мен накта мыйзам жагына туура келген экөөсүн белгилеп коеюн. Анткени азыркы учурда Кыргызстанда саясий окуя кандай болуп атканы баарыңыздарга маалым. Биздин мүчөлөрдөн Арабаев Автандил менен Керим Турапов Ак жол” партиясына Саясий Кеңешке мүчө болуп кирип, ошол жакта иштеп жатышат. Ал эми улуттук телерадиокорпорациясынын мыйзамы боюнча биздин мүчөлөр саясий кеңешке дагы, саясий партияларга да мүчө боло албайт. Ошонун негизинде бул адамдар балким чын эле келбей аткан чыгаар. Калган адамдар жөнүндө менде эч кандай негиз жок, кандайча бизден кетип калгандыгы тууралу.

-Сиздер кворум жок турган кезде телерадио корпорациянын башчысы алмашып, Мелис Эшимканов жетекчинин милдетин аткаруучу болуп келди. Мындай өзгөрүүгө байланыштуу УТРКнын жамаатынан кандайдыр бир сунуштар түштүбү сиздерге?

- Мен чындыгын айтышым керек. Мелис Эшимкановду шайлаган күнү чогулуш өткөрмөк элек. Ошол күнү кворум жок болуп калды.Ошондо УТРКнын жамаатына жаңы жетекчини дайындоо чогулушуна мен атайлап катыштым. Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен жалгыз мен катышкан окшоймун. Ушул дайындоодон кийин мага беш алты киши жазуу түрүндө “мыйзамда башкача эмес беле, кандайча ушундай болуп калды деген” суроолорду мага беришти. Биздин колубузда полномочиебиз бар болчу, мыйзам боюнча жаңы директорду, анын орун басарларын шайлоо биздин полномочиеге кирет эле.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG