Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

КУСЕИН ИСАЕВ: БАЕКОВАНЫ ТУУ КЫЛЫП КӨТӨРҮП, “АК ЖОЛ” ПАРТИЯСЫ ЧОҢ ЖАҢЫЛЫШТЫ


“Ак жол” партиясы 10-ноябрда курултайын өткөрүп, тизме башында Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова турарын жарыялады. Айрым талдоочулар муну Конституциялык соттун төрайымы менен президенттин ортосунда болгон соодалашуунун натыйжасы катары баалашса, дагы бирөөлөр Чолпон Баекова Конституциялык Соттун төрайымдык милдетин өткөрүп бербей туруп, шайлоого барам дегени мыйзамды одоно түрдө бузууга жатаарын айтышууда. Белгилүү окумуштуу, социолог Кусейин Исаевдин көз карашында 15 жылдан бери Кыргызстанда мурдагы президенттин антиконституциялык чечимдерин мыйзамдаштырып берип келип, элдин ишеними түгөнгөн Конституциялык Соттун жетекчисине тизмени баштатып, “Ак Жол” партиясы шайлоо алдында чоң жаңылышты.

- Чолпон Баекованын “Ак жол” партиясынын тизмеcин баштап чыкканы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Сиз бул маселеге кандай карайсыз. Дегеле, бул эмнени билдирет?

- Менимче Чолпон Баекованын “Ак жол” партиясынын тизмесинин башына коюлганы чоң жаңылыштык болуп калды. Акыркы 15 жылдагы Кыргызстандагы тарыхты билбеген Батыштын же болбосо сырттан чакырылган саясий технологдордун иши менен болуп калды го. Анткени, 15 жылдык тарыхта Конституцияны бузган реформаларга ошол кездеги президентти түрткөн, анын жеке бийлигин орнотууга умтулган ушул Конституциялык Сот болгон. Андан тышкары Конституциялык сот кабыл алган чечимдерде конституциялык мыйзам бузуулар бар. Алардын бардыгы тең мамлекеттик тилде жазылбайт. Мунун өзү дагы Конституцияны сыйлабастык. Биринчиден, ошондон келип “Ак жолдун” тизмесинде болуп калышы менин түшүнүгүм боюнча бул саясий технологдордун иши. Экинчиден, бул Конституциялык Соттун авторитетин, коомдогу болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга болгон аракет болсо керек. Үчүнчүдөн, өткөн 15 жылда Конституция менен кандай ойногон болсо, ушул шайлоодо куралып калган ар кандай саясий абалды оңдоштурууга, же болбосо жаап-жашырууга аракет болуп калдыбы деген менде ой кетип атат. Ушундан келип, албетте, ар бир партия “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей өздөрү чечет деңизчи. Бирок Конституциялык Соттун кызматында туруп, партиялык тизмеге кириши башкалар үчүн терс үлгү.
XS
SM
MD
LG