Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

17:10 Коопсуздук кеңешинин катчысы Кытайдын коопсуздук министрлигинин өкүлү менен жолугушту


Кытайдын коопсуздук министрлигинин чегара кызматынын штаб жетекчиси Ченг Шенг баштаган расмий делегация бүгүн Кыргызстанга келди. Жолугушуу учурунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов Кытай тараптан Кыргызстандын чегара кызматына берилген техникалык жардам үчүн ыраазылык билдирди. Ал чегара кызматтарынын жакшы иштешүүсүнүн натыйжасында эки өлкөнүн мамлекеттик чегарасынан өтүү жакшы жолго коюлгандыгын белгилеп, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, баңзаттарга каршы биргелешип күрөшүү мындан ары да улана берерине ишенерин айтты. Ал эми Кытайдын өкүлү Ченг Шенг өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси жыл санап бекемдеп бара жатканын билдирди. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG