Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы айрым саясий күчтөр 16-декабрдагы шайлоонунун жыйынтыгы бийликчил партиялардын пайдасына сөзсүз бурмаланат деп кыжаалат болууда. Бирок мамлекеттик тийиштүү органдар мындай чочулоо жүйөөсүз дешет. Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмаз Атамбаев жогорудагыдай коркунуч бар экендигин жашырбайт.

«Ар намыс» партиясынын Ош облустук уюмунун төрагасы Мирлан Кыдырмышев 16-декабрдагы добуштардын санын бийликчил партиялардын пайдасына көбөйтүү максатында участкалык шайлоо комиссияларына тымызын тапшырма берилгендигин «Азаттыкка» маалымдады:

- Бизде маалымат бар, шайлоо комиссияга бийлик өзүнүн адамдарын киргизебиз деген аракет бар экендиги тууралу. Бюджеттик мекемелердин көпчүлүгүн көзөмөлдөсөк, паспортторун алып жатаканаларга каттоого коюп атышат, - дейт Мирлан Кыдырмышев.

«Жаңы Кыргызстан» партиясы да алдыдагы саясий күрөштө бурмалоо болоорунан күмөн санабайт. Ошондуктан, мыйзамсыз жоруктарга жол бербөө үчүн участкалык комиссиялар курамына өкүлдөрүн киргизүү, ошондой эле байкоочуларды даярдоо аракетинде.

- Бийликчил партиялар жакында гана түзүлдү. Элдин калың катмарына алардын иш аракеттери жете элек, аттарын да көбү билбейт. Партиянын программасын, кандай лидерлери бар эл тааный элек. Ошондуктан фальсификация сөзсүз болушу мүмкүн. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ош шаардык жана облустук уюмдарына өзүбүздүн өкүлдөрүбүздү жөнөтүп жатабыз. Себеби участкалык шайлоо комиссиялары фальсификацияны жасайт. Ошондуктан ичинде өзүбүздүн адамдарыбыз турса, таза иш жүргүзгөнгө аракет болмок, - дейт «Жаңы Кыргызстан» саясий уюмунун Ош шаардык лидери Замир Бөжөнов.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев саясий күчтөрдүн чочулоосуна негиз жоктугун, шайлоо системасы бүтүндөй автоматташтырылгандыктан, бул сапар добуштарды сатып алуу, же бурмалоо кыйынга тураарын жарыя кылды:

- Менин оюмча бул шайлоо таза өтүшү керек. Себеби партиялык тизме менен биринчи жолу келип атабыз. Мурда бир округда 35 миң кишинин айланасында шайлоочу болот эле, сатып алуу болот деп ойлойт элек. Протоколдон жасалма деген болбойт, себеби бардыгы автоматташтырылган системада кетет, - деди Мухтар Пайзилдаев.

Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмаз Атамбаев улуттук телеканалга берген маегинде «чач ордуна баш алган кошоматчылар» мыйзамдан тыш жоруктарды жасаса, нааразы тараптар «Бийлик жоголсун!» деп майданга чыгышы ыктымалдыгын кыйытты.
XS
SM
MD
LG