Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ УКУГУ КОРКУНУЧТАБЫ?


Бүгүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн №15 участкалык бөлүмүнө «Жашылдар» партиясынын жаш канатынын беш мүчөсү чакыртылды. Тергөөчү аларга коюлуп жаткан айып менен тааныштырды. Жаш саясатчылар укук коргоо органдарынын мындай иш аракетин саясий куугунтуктоо катары баалашарын билдиришти. Ушул эле күнү укук коргоо уюмдарынын бир нече лидерлери маалымат жыйынын өткөрүшүп, Кыргызстанда адам укугу коркунучта экендигин белгилешип, президент Курманбек Бакиевден Баш мыйзамдын гаранты катары жарандардын Конституциялык укугун сактоо талабы менен кайрылышты.

«Жашылдар» партиясынын жаш канатынын төрт мүчөсүн өткөн айда митингке чакырык барактарын таркатып жүрүшкөн жеринен мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери кармап, аларды Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Бүгүн аларга коюлуп жаткан айып менен №15 участкалык бөлүмдүн тергөөчүсү Аскат Муканбетов тааныштырды.

"Жашылдар" партиясынын жаштар канатынын мүчөсү Наргиза Абдылдаева аларга коюлуп жаткан айыпка макул эмес.

-Кылмыш-Жаза кодексинин 392-берене менен административдик айып тагылып жатат. Бирок биздин оюбузча Кылмыш-Жаза кодекси боюнча да, административдик айып тарттырууга эч кандай негиз жок.

Абдылдаева акыркы мезгилде өлкөдөгү саясаттын күңгөй-тескейине үн кошкон жаш саясатчыларга бийлик тарабынан кысым көрсөтүү күчөп баратканын белгиледи.

«Жашылдар» партиясынын дагы бир жаш мүчөсү Нуржан Ботоева болсо алардын аракетинде укуктук жактан эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун айтты.

Жаштар канатынын мүчөсү Каныбек Сарымсаковдун пикиринде көз карашын ачык, тике айтып, мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылган жаш саясатчыларды бийлик күч менен коркутуу ыкмасына өттү.

-Муну биз «саясий агрессия» десек болот. Бийлик административдик кысым көрсөтүп, митинг аркылуу жаштардын өз оюн ачык айтууга, талап коюусуна чек коюп коркутууда, -деди Каныбек Сарымсаков.

Ал эми тергөөчү Аскат Мукамбетов «Жашылдар» партиясынын жаш саясатчыларына байланыштуу ишти жаңыдан алганын, бул маселе мыйзамдын чегинде жакын арада чечилерин билдирди.

«Жашылдар» партиясынын жаш канатынын лидери Тилек Сыдыков бийликтин коркутуп-үркүтүүлөрү саясаттагы көз карашыбызды өзгөртпөй, тескерисинче чыйралтат, дейт.

-Биз тескерисинче мындай кысымдан чыйралып, кийинки күрөшүүбүзгө тажрыйба алуудабыз. Биз кайра мындай кысымга өчөшүп мындан да жакшы иштейбиз. Бизди колдогон жаштар көп. Бирок алар окуудан чыгарып жиберишет деп коркушат.

Ушул эле күнү бир нече укук коргоочулар маалымат жыйынын өткөрүшүп, Кыргызстанда адам укуктары коркунучта экенине тынчсызданышып, кийинки убакта милиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан тынч митингдин айрым катышуучуларынын укуктары тебеленип жатканын айтышты. Укук коргоочулар өлкөдө жарандардын эркин чогулуусуна, өз ойлорун ачык айтуусуна Башмыйзам жана эл аралык стандарттар уруксат бергени менен иш жүзүндө таптакыр тескерисинче болуп жаткандыгына тынчсызданганын билдиришти. Ошондой эле алар бул тууралуу президентке кайрылуу жасап, аны Башмыйзамдын кепили катары жарандардын Конституциялык укугун сактоо талабы менен кайрылышты.

XS
SM
MD
LG