Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

БИШКЕКТЕ КАЧКЫНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ


Качкындар иштери боюнча БУУнун Башкы комиссары Антонио Гутерреш, Азия жана Тынч океан аймагы боюнча регионалдык бюро төрайымы Жанет Лимдин Кыргызстанга болгон иш сапары уланууда. Иш сапардын алкагында Антонио Гутерреш президент К. Бакиев жана тышкы иштер министри Э.Карабаев менен жолугушуп, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы башбаанек системасын жакшыртуу маселесине токтолушту. Ошондой эле БУУнун өкүлдөрү бүгүн Борбор Азиядагы качкындарды кабыл алуу боюнча биринчи борбордун ачылыш аземине катышышты.

Миграция жана эмгек менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгул Рыскулованын айтымында, аталган борбор качкындарга жардам берип, убактылуу турак жай жана башка маселелерди чечүү максатында ачылды. Борбордун ачылыш аземинде Антонио Гутерреш мырза сөз алып, Кыргызстан адам укугун, анын ичинде качкындардын укугун коргоо жаатында демократиянын жоболорунан тайбай келе жатат деген пикирин айтты.

-Борбор Азия боюнча мына ушундай качкындарга колдоо көрсөтүлчү жайдын так Кыргызстанда ачылышы кыргыз эли, кыргыз бийлиги качкындарга чын дили менен жардам берүүгө болгон ыкласын коюп жаткандыгынан кабар берет. Менимче, Кыргызстан демократиялык баалулуктарды өнүктүрүү үчүн болгон күч аракетин жумшоодо жана ушул багыттан кайтпайт деп ишенем.

Улукбек Бакиров Өзбекстандын оппозициячыл “Бирлик” партиясынын өкүлү. Ал Анжиян окуяларынан кийин 2006 - жылы сентябрь айында качкын болуп келип ошондон бери Кыргызстанда турат. Борбордун ачылышына өзгөчө кубанычта болуп турганы көрүнүп турду.

-Борбордун ачылышы бизди абдан кубандырууда. Анткени биз качкын макамын суранып келгенде мындай шарттар жок эле. Эми мындан ары Кыргызстанда качкындардын абалы жакшырат го деген үмүттөмүн жана бул борборду ачкандарга терең ыраазычылык билдиргим келет.

Анткен менен айрым укук коргоо уюмдары акыркы жылдары Кыргызстанда адам укугунун бузулушу жана сөз эркиндигинин чектелиши көбөйгөндүгүн белгилешүүдө.

- БУУнун качкындар боюнча комиссариаты Кыргызстанда өзүнүн ишин күчөтөм дегенди колдойм, бирок Кыргызстан четтен келген качкындарга колдоо көрсөткөнү менен учурда саясий кырдаалга байланыштуу өзү колдоого муктаж болуп турат. Маселен, бизге Кыргызстандан качып чыгууга мажбур болгон жараандар кайрылышат. Ал эми биз эмне кылаарыбызды билбей БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүлүгүнө кайрылганыбызда, булар эч кандай жардам бере алышпайт. Ошондуктан алар бийлик менен да бул маселенин үстүндө иштешсе жакшы болот эле,- дейт “Кылым Шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова.

1996-жылы Кыргызстан БУУнун 1951-жылкы Качкындар макамы боюнча конвецияга кошулган эле. Андан бери Кыргызстан жыйырма миңден ашуун качкынга колдоо көрсөткөн. Учурда өлкөдө качкын макамына ээ 800дөн ашуун чет элдик жарандар бар. Ал эми расмий түрдө качкын макамын алууга 434 адам катталган.

Эдил Сапарбек уулу

XS
SM
MD
LG