Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

ЫСЫККӨЛДӨГҮ ПАНСИОНАТТАР АСТАНА САММИТИНЕ БЕЛЕК БОЛОБУ?


12-ноябрда Бишкекте кыргыз-казак тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен Казакстан тышкы иштер министри Марат Тажин эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашып, тышкы иштер министрлеринин кеңешинин иш-аракеттеринин планын бекитти.

Казакстан тышкы иштер министри Кыргызстанга сапарынын алкагында бүгүн президент Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушууларды өткөрөт. Ал эми 12-ноябрда эки министрдин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында тараптар тышкы иштер министрлеринин иш-аракетинин планын бекитип, өнөр жай коопсуздугу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунан кийин Эднан Карабаев Кыргызстан менен Казакстан ортосунда толук түшүнүшүү бар экенин билдирди:

-Кыргызстан менен Казакстан ортосунда толук өз ара түшүнүшүү бар. Ошондой эле биргеликте эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү каалоосу бар.

Бирок Казакстан тышкы иштер министри Марат Тажин эки мамлекеттин ортосунда чечиле элек маселелерди ачыктап, алар президенттердин келерки жылдагы жолугушууларына чейин чечилсе жакшы болот пикирин айтты. Ал Ысыккөлдөгү пансионаттарга байланыштуу маселе болду:

-Мен муну принципиалдуу маселе деп эсептеймин. Эгерде биз аны эки өлкөнүн башчыларынын деңгээлиндеги мамлекеттер аралык кеңештин жыйынына чейин чечсек, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө олуттуу салым кошулат эле.

Марат Тажин ошондой эле кыргыз-казак чек ара макулдашуусу да президенттердин жолугушуусуна чейин ратификацияланышы максатка ылайыктуу экенин белгилеген. Курманбек Бакиев менен Нурсултан Назарбаев болсок мамлекеттер аралык кеңештин алкагында жолугушуусу болсо келерки жылы март-апрель айларында Астана шаарында болмокчу.

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттер аралык кеңеши быйылкы жылы апрель айындагы Нурсултан Назарбаевдин Бишкекке сапары учурунда түзүлгөн.
Кыргыз-казак мамилесинде суу-энергетикалык, өзгөчө суу маселеси боюнча пикир келишпестик бар. Кыргызстан сууну товар катары сатууга ниеттенсе, Казакстан ага каршы болуп келет. Суу маселесин чечүү максатында эки өлкөнүн адистери быйылкы жылдын декабрь айында жолугушуп, өкмөткө сунуштары менен чыгат.

Таркатылган Жогорку Кеңеш кыргыз-казак чек ара макулдашуусун бир нече жылдан бери ратификациялабай келаткан. Депутаттар келишимде Кыргызстандын бир катар кызыкчылыктарына доо кеткен деген пикирде болуп келишкен. Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов болсо келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келерин билдирип келатат. 16-декабрда шайлана турган жаңы парламент пансинат, чек ара маселеси боюнча кандай пикирде болот азырынча белгисиз.

Камбарата-1 ГЭСини куруу маселеси да эки тараптын жолугушуусунда талкууланган. ГЭСти куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча тендер жыйынтыкталып, жумшала турган чыгымдар аныкталгандан кийин тараптар долбоорду ишке ашыруу маселесин талкууга өтмөкчү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG