Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Кыргызстандын футбол боюнча 16-чемпионатынын финалдык таймашууларында өлкөнүн үч жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Канттын “Абдыш ата” командалары беттешип, эки атаандаш тең чыкканы менен баш байгени “дордойчулар” төртүнчү ирет катары менен сактап калышты.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада мурда 14 –12 командалар ат салышып келсе, быйыл 9 команда гана ойноду. Футбол чемпионатынын дагы эки оюну калса деле жеңүүчүлөр эрте аныкталды. Канттын “Абдыш ата” командасы экинчи орунду камсыз кылды. Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасы коло байгелүү болду.

Футбол адистеринин баамында жыл өткөн сайын футбол клубдарынын саны кыскарып, 3- 4 гана команда үстөмдүк кылуу менен чеберчилик төмөндөп баратат.

Быйылкы чемпионатта атаандаштарынын дарбазасына көп топ киргизген Канттын «Абдыш ата» командасынын чабуулчусу Алмаз Мирзалиев болууда. Ал эми мурдакы жылы мыкты чабуулчу аталган Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасынын өкүлү Евгений Болдыгин 19 топ киргизүү менен айырмаланды.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбековдун пикиринде Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатына 4 облус жана Бишкек шаарларынын командалары гана катышып, футболго айыл жергесинде көңүл бурулбай, жылдан жылга кыргыз футболунун деңгээли төмөндөп баратат.

Кыргызстанга эмгек синирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында футболго өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлбөгөндүктөн командалардын каражаты жетишпей марадан чыгып калууда. Мыкты футболчулар коңшу өлкөлөргө кетип калса да алар үчүн футбол клубдарына коммпенсация төлөнбөйт. Футбол федерациясынын иш- аракетин реформалап жана чемпионатты өткөрүүнүн системасын өзгөртүү керек.

Алты жолу өлкөнүн мыкты футболчусу аталган, айтылуу “Алга” жана Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын катарында ойногон, он жылдан бери Кыргызстандын тандалма командасында чабуулчу болгон Замир Жумагулов акыркы оюнун ойноп, мындан ары машыктуруучу болоорун күйөрмандарга маалымдады.

Футбол чемпионатынын акыркы эки оюну деле командалардын тагдырын чечип жибербейт. Бүгүн Бишкектин “Шер” командасы менен Канттын “Абдыш ата” командасы беттешет. Мында “Шердин” жигиттери утуп алышса деле байгелүү орунга илинбейт. Канттык футболчулардын күмүш байгеси колдо бекем турат. Ал эми чемпиондук наамын эрте эле сактап калган Нарындын “Дордой-Динамо” командасы бүгүн “Кант-77” командасы менен ойносо, быйылкы чемпионаттын акыркы беттешүүсүн 17- ноябрда Бишкектин “Шер” командасы менен өткөрөт. Бул эки оюнда кокустан “дордойчулар” утулган күндө деле баш байгенин ээси боюнча калышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG