Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

07:33 Кыргызстандагы качкындар борборуна баш калка издеген отуз үй-бүлө жайгашат


Бул тууралуу кечээ миграция жана калкты ишке жайгаштыруу комитетинин төрага милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова билдирди. Чет элдик баш калка издегендер борбордо качкын макамын алган мөөнөткө чейин болушат жана алардын коопсуздугу корголот, ошол эле учурда ал жабык мекеме катары саналбайт. Мекеменин ачылышына өткөн жылы качкын макамын алган айрым жарандардын дарексиз жоголуп кетиши түрткү болду. Качкындардын Борбор Азиядагы жалгыз борбору саналган бул мекеме кечээ БУУнун качкындар иштери боюнча баш комиссары Антонио Гуттерештин катышуусунда ачылды. (BuS)

XS
SM
MD
LG