Бүгүн Биринчи май райондук соту 10-ноябрда өткөн нааразылык акциясында кармалган алты жарандын ишин карайт. Алардын катарында «Жашылдар» саясий партиясынын төрт мүчөсү жана укук коргоочулар Чынара Айтбаева менен Максим Кулешов бар. 10-ноябрда өткөн «Диктатурага жок де» деген аталыштагы акциянын бул демилгечилерине бейбаштык кылды деген айып коюлууда. (BuS)