Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Пакистанда оппозиция лидери Беназир Бхутто бир жумага үй камагына алынды


Автокербен менен Лахор-Исламабад нааразылык жүрүшүнө чыгаар алдындагы камоону бийлик Бхуттонун коопсуздугу менен байланыштырды. Анын алдында Бхутто жүрүшкө кошулууга бардык пакистандыктарды үндөгөн болчу. Жүздөгөн полиция кызматкерлери Бхуттонун турагына жакын жайгашып турушат. Бийлик чукул кырдаал учурунда ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүүгө болбойт деп эскертүүдө. Президент Первез Мушарафф парламенттик шайлоо 9-январда өтөөрүн билдирип, бирок, чукул кырдаал качан алынарын ачыктаган жок. Оппозиция жарандардын Конституциялык укуктарын тез калыбына келтирүүнү талап кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG