Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

КИМДИН КОЛУНДАСЫҢ КЫРГЫЗСТАН?


«Белый пароход» гезити Орусиянын Нефтегазөнөржай башчысы Юрий Шафраник менен энергетика тармагындагы маселелерге жооп берген интервьюсун «Московские новости» гезитинен кыскартуу менен көчүрүп жарыялады. Шафраник мырза Борбор Азия аймагындагы жылуулук-отун проблемасыынын бүгүнү жана эртеңи жөнүндө сөз кылган. Ушул эле гезит Кыргызстан кааласа, каалабаса да дүйнөгө үстөмдүк кылуу үчүн Вашингтон ойноп жаткан оюндун эрксиз фигурасына айланганын, АКШ оюнунун башкы максаты- Кыргызстанды Кытай менен Орусиянын таасиринен ажыратуу болуп саналарын белгилеген. Гезит андан ары Кыргызстандагы орус тилдүү массалык маалымат каражаттары өлкө эгемендүүлүккө жеткен күндөн бери эле эч кандай проблемасы жок эле чыгып келатканын, Кыргызстанда Орусиянын «Комсомольская правда», «АиФ», «Московский комсомолец», «Российская газета» аттуу басылмалары жарыкка чыгарын, бир караганда маалымат айдыңында баары ойдогудай көрүнгөнү менен реалдуу абал андай эместигин, орус прессасынын таасири күн санап кетип баратканын, анын ордун эми АКШнын массалык маалымат каражаттары ээлеп баштаганын баяндап келип, Кыргызстан кезектеги парламенттик шайлоо алдында турганын, андан аз өтпөй президенттик шайлоо келерин, мына ушул атаандаштык алкагында өз таасирин тастыктап калуу үчүн АКШ менен Орусиянын ортосунда тымызын кармаш жүрө баштаганын жазды.

Гезит шаар темасына кайрылып, Бишкекте машиналардын агымынан улам көчөлөр тыгынды болуп, шаардыктардын жашоосун кошумча кыйынчылыкка кептеп келатканына окурмандардын көңүлүн бурду.

«МСН» гезити келе жаткан декабрдын биринчи күнүнө карата бардык кар тазалай турган техникалар 100 пайыз даяр болсун деп өз атка минерлерине тапшырма берген шаар башчысынын милдетин аткаруучу Д.Үсөнов коммуналдык чарба кызматкерлерин мындан ары карай түнкүсүн иштөөгө үйрөнүүгө чакырганын, анын айтымында шаар райондорунун баары таштанды жыйноочу техникалар менен камсыз болгонун маалымдады.

Жакырчылык маселесин санакка алган ушул эле гезит Кыргызстанда каруу-күчтүү деген кишилердин 11,7 пайызы же 275 миңи жумушсуз экенин, дүйнөлүк банктын эсеби боюнча алганда да Кыргызстандагы жакырчылыктын мөөнөтү узак бойдон калып жатканын, өлкөдө адамдардын иш издемей көйгөйү жылдарга созуларын кабарлаган.

«Агым» гезити «Сен жөнүндө сегиз сап» деген рубрика алдында «Мамлекетти катчы кызматынын кереги барбы же идеология деген эмне?» деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылганда белгилүү коомдук ишмер Р.Отунбаева, Мамлекеттик катчынын өзүнө тиешелүү чоң жоопкерчиликти аткарып кеталбаганын, «шамал болсо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей Воронцовкада жери бар деп бекер айтылбаганын, айрыкча журналист А.Саипов жөнүндө айтканы коомчулукту абдан иренжитип алганын белгилесе, Кыргыз эл сүрөтчүсү Ж.Кадыралиев, Мамлекеттин түптүү идеологиясынын көч башында туруп улуттун уңгусун улай тургандай эч нерсе жасай албаганын, ырчы С.Момбеков, октой тийген кезинде эч нерсе жашырбай айтчу да, азыр өзү да аралашып калганбы, же жегендерди айталбайт, же Акаевдардын куйруктарына батыналбайт дегенин, академик А.Эркебаев, Адахандын мамлекеттик кызматка кадам таштоо тушоосунун кесилишине алгач өзү себепкер болгонун, 91-жылы Басма сөз жана маалымат министри болуп турганда өзүнө жардамчы кылып алганын, жөнөкөй жардамчыдан эң бийик даражалуу мамлекеттик катчылыкка чейин көтөрүлгөнүнүн, акыйкатты бетке чаап айта билгендиги, чынчылдыгы, эл-жер деп күйүп бышкандыгы, чукугандай сөз таба билген чечендиги аркылуу атпай журтка аттын кашкасындай таанылгандыгы чындык экенин, ага колунан келсе эртерээк сөздөн ишке өтө турган, айтып коюп эле тим калбастан, майын чыгара турган кызмат аркалашын ачык эле айтып келгенин, ошол нерсе мына азыр оркоюп билинип калганын айтып жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG