Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

ОРУСИЯДА БАНГИМАНДАРДЫН АРАСЫНАН ЖЫЛ САЙЫН 80 МИҢДЕЙ КИШИ КАЗА БОЛУП ТУРАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын наркология органдары билдиргенге караганда өлкөдө ар жыл сайын апийим чегип же аны башкача жол менен пайдалануудан 80 миң киши өлүп турат. Өлкөнүн банги затын контролдоо кызматынын жетекчилеринин бири Александр Яневский айтканга караганда 70 миң баңги оорудан жана 10 миң киши нашааны ашыра чегип алгандан өлүп турат.

Адисттердин эсебинде азыркы тушта Орусияда 5,5 – 6 миллион банги бар. Мындай көрсөткүчтү 4-апрелде жарык көргөн санында «Профиль» жарыялады. Бул кийинки он жети жыл ичинде Орусияда апийим чеккендер саны 6 эсеге артканын билдирип турат экен. Бирок бийлик ырасмий жасаган билдирүүдө 2007-жылы, маселен, өлкөдө банги затысыз олтура албаган каттоого алынган 350 миң гана адам бар. Көмүскө соода жасап, апийим сатып акча таап аткандар кирешеси Орусияда жылына 10-13 миллиард доллардан айланып атышын аны билгендер айтышат.

Бангилер аракечтердей кылмышка элпек барыша турганы жана Орусияда кийинки жылдары андай кылмыштын жайылып баратат. ИИМ маалыматына карай келгенде наркотик же алкоголдун таасири астында жасалган кылмыш жалпы кылмыштын 80 пайызына чукулдап барат. Андай кылмыш жасаган бангилер 1986-жылы өлкөнүн беш аймагында кездешсе, он жылдан кийин 28 аймактан, ал эми 2001-жылы өлкөнүн бардык аймагынан кездешкен.

Талдоочулар мындай көрүнүштү «темир көшөгөнүн» жок болушунан, ачыгын айтканда, советтик режим жоюлганы өлкөнү оогандык апийим кербени тепсеп кирчү болду дешет. Мындай көрүнүштүн улуттун келечегине зыяны бар экенин бул илдетти изилдөөчү окумуштуу Михаил Виноградов айтат:

«Калкты бангилештирүү жана аракечтик кескин өстү. Банги менен аракечтен туулган баланын генинде тукум кууп зыян келтирүүчү касиети калат».

Бангини сакайткандан кийин да аны нашаадан такыр жалкытуу үчүн бери дегенде бир же эки жыл керек дешет адистер. Андай шарт жоктугунан кыйла сакайып калган бангилер таштаганын кайра баштап алып атышат экен. Ага дагы бир себеп, өлкөдө аларды кармоочу ооруканалардын аздыгы экен. Ал туурасында Орусиянын наркология боюнча илимий борбордун деректири Николай Иванца айтат.

«Өлкөнүн 50 аймагында 1100 чукул бүйжет эсебинен коюлган керебет бар. Андан сырткары оорулууга жардам көрсөтүүчү 80 ар кыл мамлекеттик эмес түзүлүштөр бар».

Белгилүү дарыгер, бангиликтен айыктыруучу борбору бар Жеңишбек Назаралиевдин пикири боюнча да Орусияда азыркы тушта бул илдетти артынан түшүп дарылоо үчүн шарт жетишсиз. «Мамлекеттик мекемелерде каражат жок, жеке менчик түзүлүштөр болсо акча табуунун артынан түшкөн».

Жеке менчик наркоборбор кармагандар баркы артып атышына бир себеп, 6 миллион бангиге миң гана орундун болушу дешет.
XS
SM
MD
LG