Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

13:40 Курманбек Бакиев келерки жылдын жазында Казакстанга иш сапары менен баруусу мүмкүн


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусун тышкы иштер министри Марат Тажин бүгүн мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болгон учурда тапшырды. Курманбек Бакиев эки өлкөнүн тышкы иштер министрлерин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттер аралык Жогорку кеңештин алгачкы отурумунун өтүшү менен куттуктады. Анын сөзү боюнча 2007-жылдын биринчи жарымында эле Кыргызстандын экономикасы үчүн Казакстандан 90 млн доллар инвестиция келип түшкөн, бул 2006-жылкы көрсөткүчтөн 1,5 эсе көп. Курманбек Бакиев эки өлкө ЕврАзЕс, ОДКБ, ШКУ жана КМШ алкагында да кеңири кызматташа берерине ишеничин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG