Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: КЫРГЫЗСТАНДЫН СУУ-ЭНЕРГЕТИКА БОЮНЧА СТРАТЕГИЯСЫ ЖОК


“Азаттыктын” таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши суу-энергетика маселелер боюнча эл аралык эксперт, Кыргызстандын мунай сатуучулар ассоциациясынын төрагасы Базарбай Мамбетов болду. Кеп төркүнү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана экономикалык абал боюнча жүрдү.

- Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелерге, асыресе энергетика тармагындагы кызматташтык байланышка кандай баа бересиз?

- Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда суу жана энергетика боюнча кызматташтыктары жакшы деп айтууга болбойт. Эмне дегенде биз Казакстанга, Өзбекстанга каалаганча сууларды берип жатабыз, бирок ошол өлкөлөр жайында биз иштеп чыгып аткан ашык электр энергияларды убагында сатып алып, акчасын төлөп, биз менен мамиле кылабыз деген ойлору жок. Булардын бизди кышында сууну кое бербей, кармап, электр энергияны иштеп чыгарбай, өзүбүзгө керектүү электр энергияны да иштеп чыгарбай, сууну жайында убагында толугу менен берип тургула деген талабына дагы бүгүн кыргыз коомчулугу, адистер, экономисттер кошула алышпайт.

-Сиздин оюңузча азыр Кыргызстанда суу энергетика маселелер боюнча стратегиялык саясат барбы?

- Кептин бардыгы биздин өлкөдө, мамлекетибизде суу энергетика боюнча стратегиялык саясаттын жоктугунда болуп турат. Ушул маселени биз көп жылдан бери көтөрүп, суу энергетика стратегиясынын саясаты деген чоң документти закон кылып чыгарып, бекитип алып, ошол мыйзам боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын бардыгы бир саясат кылып иштөөгө аракет кылалы деген ойлор ордунан чыкпай келет.

-Кыргызстан Камбарата-2 ГЭСинин курулушун өз күчү менен аягына чыгарууга белсенүүдө. Кечээ бул курулуш үчүн мамлекеттик казнадан алгачкы 300 млн. сом бөлүнүп жатканы кабарланды. Ушул Камбарата-2 ГЭСинин өлкөнүн энергетикалык коопсуздугундагы орду тууралу айтсаңыз?

- Өлкөнүн өнүгүшү батырак жүрөт, эгерде керектүү акчалар өлкөнүн ичинен табылса деген дүйнөлүк практикада абдан чоң аныктоо бар. Сырттан инвестициялар келет деп отура бербей. 21 жыл мурда башталып, 15 жылдан бери курулушу токтоп калган Камбарата-2 ГЭСине каражатты өзүбүздүн өлкөдөн табабыз деген президенттин жогорку маанидеги чечими биздин коомчулукту ыраазы кылбай койбойт. Станциянын 3 агрегатын ишке киргизгенге 200 млн. долларга жакын каражат керек экен. 300 млн. сомду бүгүн бөлүп беребиз деп президент кечээ айтты. Эгер ушундай кылып курбасак 2-3 жылдын ичинде Камбарата-2 ГЭСи ток бере баштабаса, анда биз 2010-жылдын башында энергетикалык кризиске түшүп калабыз. Эгерде Акаевдин убагындагы бийлик сырттан келген 2 млрд. долларды туура пайдаланып, керектүү өндүрүштөрдү жүргүзүп салганда биздин экономикабыздын кырдаалы кандай сонун болмок. 10-12-жыл мурда эле Камбарат-2 ГЭСин иштетип, арзан электр энергияны бере баштамакбыз. Камбарата-1 ГЭСин дагы жарымынан көбүн куруп берүүгө даярдап коймокбуз. Андай өкүнүчтүү окуяларды биз башыбыздан өткөрдүк.

-Базарбай мырза, сиз мунай сатуучулар ассоциациясынын төрагасы катары айтсаңыз, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасына байланышкан абал мындан ары кандай болот?

- Биз күйүүчү майлардын үстүнөн болгон кырдаал боюнча айтсак, октябрдын аягында, ноябрдын башында бензиндин баасы 80 пайызга, 80 тыйынга көбөйттүк. Дизелдик күйүүчү майдын баасын июль айынан бери эле 22 сом бир литрине турган баасын кармап турабыз. Бул кымбатташты өзүңүздөр билесиздер, дүйнөдөгү болуп аткан кырдаал менен байланышкан. Жылдын башынан баштап биз бензин тобундагы күйүүчү майлардын рыноктогу, элге саткан баасын болгону 12 пайызга көбөйттүк.

-Маек куруп бергениңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG