Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

13-ноябрда Кыргызстанга Казакстандын Тышкы иштер министри Марат Тажин келип, президент Курманбек Бакиев жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Президент К.Бакиев жолугушуу учурунда кыргыз-казак кызматташтыгы жогорку деңгээлде жүрүп жатканын баса белгиледи. Ошентсе да эксперттердин баамында, эки өлкөнүн суу-энергетика сыяктуу багыттарда кызматташтык анча дурус эмес.

Казакстандын Тышки иштер министри Марат Тажин менен жолугушуу учурунда президент Курманбек Бакиев эки өлкө ортосунда мамлекеттер аралык кеңеш түзүлгөнүн, аны жөнгө салуу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлерине тапшырылганын айтып, ал кеңештин биринчи отуруму менен куттуктады. Анын айтымында үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында эле Казакстандан келген инвестициянын көлөмү 90 миллион долларга чыгып, былтыркы жылга караганда 2,5 эсе көп болду. Өз кезегинде Марат Тажин, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отуруму жогорку деңгээлде өткөнүн, казак-кыргыз алакаларында эч кандай карама-каршылыктар жок экендигин айтып, президент Курманбек Бакиевди 2008-жылдын жаз айларында Казакстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Ошентсе да айрым эксперттер казак-кыргыз мамилесинде суу-энергетика жаатында тартыштуу жагдай бар дешет. Маселен, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов мындай дейт:

- Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда суу жана энергетика боюнча кызматташтыгын жакшы деп айтууга болбойт. Эмне дегенде, биз Казакстан менен Өзбекстанга каалаганча сууларды берип жатабыз. Бирок, ал мамлекеттер биз жайында иштеп чыгып аткан ашык энергетиканы убагында сатып алып, биз менен мамиле түзөлү деген ойлору жок.

Ошондой эле Марат Тажин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Алмаз Атамбаев менен да жолукту. Алмаз Атамбаевдин айтымында, айрым маселелер болгону менен негизинен кызматташтык өнүгүп жатат:

- Кандайдыр бир маселелер бар дечи. Бирок, менин оюмча алардын бардыгы чечилет.

Ал эми Марат Тажиндин айтымында, кыргыз-казак мамилелериндеги бардык маселелер эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн мамлекеттер аралык кеңеште жылына бир жолу талкууга алынмакчы:

- Ушул эле жылдын апрель айында эки өлкөнүн президентинин катышуусу менен мамлекеттер аралык кеңеш түзүлгөн. Биз бул кеңеште жылына бир жолу эки өлкөнүн ортосундагы бардык маселелерди сүйлөшүп турууну пландап жатабыз.

Ал эми айрым эксперттер, казак-кыргыз чегара маселеси дагы деле болсо чечилбей турганын, анткени кыргыз парламенти аны ратификациялоодон баш тартып койгонун айтышууда. Анткен менен белгилүү саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин айтымында, эки өлкөнүн ортосунда чегаранын делимитация-демаркация маселеси жок. Ошондой эле анын айтымында, Казакстан, Орусия, Кытай, АКШ сыяктуу мамлекеттер Кыргызстандын суу ресурстарын колго алууга кызыкдар. «Эки өлкө ортосунда андан башка да маселелер жетиштүү»,- дейт ал:

- Тууганчылык жагынан А.Акаев менен Н.Назарбаевдин ортосунда кара мышык өтүп кеткендиктей болгондуктан, Кыргызстан 8-9 жыл экономикалык блоккадада болгон. Жанагы Кыргызстандын көл жээгиндеги 14 пансионатты эптеп-септеп Казакстанга калтырууга аракет кылышкан. Бул К.Бакиев премьер-министр болуп турган убактысында эле болгон иш. А.Акаев тапшырма менен жиберген, ал документтерди биз көргөнбүз. Бирок, өкмөт өзүнүн кемчилигиненби, туруксуздугунанбы же кайраты жоктугунанбы, Кыргызстандын абройун бийик көтөрө алган жок. Анан алардын талабына моюн сунгандай болушкан.
XS
SM
MD
LG