Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

Жакырчылык менен күрөшүү - Кыргызстандагы талылуу маселелердин бири. Бириккен улуттар уюму Кыргызстандагы айыл-кыштактарда элдин жарымына жакыны жакыр экенин билдирди. Буга чейинки колхоз-совхоздор жоюлуп кеткенден кийин өз алдынча иш кылууга көнбөгөн эл азырга чейин айыл жеринде кыйынчылыктарга кабылууда. Мындай абалдан чыгуу үчүн Улуттар уюмунун Өнүгүү программасы элет жеринде долбоорун ишке киргизгенине үч жыл болду. Долбоордун жетекчилеринин айтымында, алар көп ийгиликтерге жетишкен. Бирок бул өндүү эларалык уюмдардын аракетинен майнап аз дегендер да жок эмес.

Айнагүл эже талдан үстөл, стул, кресло жана башка эмеректерди жасаганды быйыл эле үйрөнгөн. Азыр эми бул кичинекей кооперативде 12 балага сабак берет экен.

- Максатыбыз – буларды түйүп, элге сатып, жакырчылыктан чыгуу. Бизге келип, дарстарга катышып жаткандар азыр өздөрү эле ушул эмеректерге жасай коюп, элге сатып, абалын оңдоп жатышат. Ар бир отургучубуз эле эки жарым миң сомдон кымбат. Аны жасаганга кетчү курулуш материалдарыбыз да арзан.



Темир айылынын дагы бир тургуну Амантур Буйлашов болсо кыктан газ чыгарчу биогаз куруп, аны иштетип жатат.

- Бул биогаз бизге, биринчиден, газ берет. Ушул айланадагы 4-5 кожолукка жетерлик газ алабыз. Экинчиден, азырынча Кыргызстанда өндүрүлбөгөн жер семирткич алабыз. Бизге газдан да, жер семирткичти алуу пайдалуураак болуп турат.

Ысыккөл районунун Темир айыл өкмөтүндө азыр Айнагүл эже менен Амантур ава иштеп жатышкан жамааттардан дагы 10дон ашууну бар. Алардын арасында бирөөлөрү мини-гидроэлектростанцияны иштетсе, экинчиси жайыттарды туура пайдалануу боюнча алектенет, дагы бирөөлөр тал-терек, алманын көчөттөрүн олтургузат. Бул жерде мал догдурлардын да өзүнчө кичи тобу түзүлгөн.

Мунун баары Улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жетекчилигинде ишке ашырылууда. Долбоордун иши 2004-жылдын ноябрында башталыптыр. “Ушул үч жыл бою айыл өкмөттөгү жамааттарга керектүү жабдыктар алынып берилди, каражат бөлүндү, тренингдер өткөрүлдү”, - деген Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер мырза, иштин жыйынтыгы тууралуу канаттанганын билдирди.

- Биз ишти эки башка баскыч менен өткөрүп жатабыз. Биринчиси, жергиликтүү деңгээлде ушундай кичи-чарбачылыктарга каржылык жактан колдоо көрсөтүүнүн жолдорун караштырабыз. Экинчиден, жалпы республикалык деңгээлде кыргыз өкмөтү элет жериндеги калктын жардамга муктаж катмарына туура колдоо көрсөтүшү үчүн багыт беребиз.

Анын айтымында, аталган долбоор ишин дагы улантат.

- Биз бул жердеги иштерде байкалган кемчиликтерден сабак алып, аны мындан ары жакшыртканга аракет кылабыз. Долбоор ишин келерки жылдын башынан тарта эми өлкөнүн башка бөлүгүндө, Суусамыр өрөөнүндө, улантат, - деди Уолкер мырза.



“Улуттар уюмунун агенттиктери өткөрүп жаткан бул жолку долбоордун максаты – айылдагы элди өз аймагында эле акча табууга үйрөтүү”, - деп билдиришти Өнүгүү программасынын өкүлдөрү.

Анткен менен бул өңдүү уюмдардын ишинин натыйжалуулугу тууралуу ойлор бир жактуу эмес. Көп учурда алардан пайда аз болоору да айтылып калат. Кыргызстандык белгилүү экономист, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин ишениминде, өлкөдө жакырчылыктын деңгээлин бул өңдүү жолдор менен түшүрүүгө деги эле мүмкүн эмес.

- Биринчиден, бул өңдүү коррупцияланган эларалык уюмдардын “Жакырчылыкка каршы күрөшүү” деген урааны коррупцияланган өлкөлөргө барып, өзүнүн акчасын өзүнө коротуп келет дегенди билдирет. Мунун принциби ушундай. Чынында, жакырчылык менен күрөшүүнүн эң негизги жолу – бул өзүбүздүн экономикабызды көтөрүү, айыл-чарбасын иштетүү, кайра иштетүүнү өнүктүрүү, - деди экономист Айылчы Сарыбаев.

Жалпы калктын жарымы жакырчылыкта калып, экономикасы, негизинен, сырткы миграциядан түшкөн кирешеге байланган Кыргызстан абалды оңдош үчүн өлкөнүн өнүгүшү өңдүү стратегиялык программаларды да түзүп жүрөт. Бирок, эксперттердин баамында, жакырлардын саны анын арты менен азайып кеткени байкалбайт.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG