Бул тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Тойгонбек Калматов билдирди. Анын айтымында, ажыга баруучу зыяратчылардын бир бөлүгү Аравиядагы элчиликте, айрымдары аба майдандарындагы участоктордо добуш бериши мүмкүн. Ажылык сапар 1-декабрда, ал эми шайлоого алдын ала добуш берүү 7-декабрда башталат. (BuS)