Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ “ЧЫККЫНЧЫЛАРДЫ” ТАПТЫ


Тегерандагы илим жана техника университетинде сөз сүйлөп, дүйшөмбү күнү Махмуд Ахмединежад өлкөнүн ядролук программасына байланыштуу маселеде анын саясатын сынга алгандарды “чыккынчылар” деп атады. Президент конкреттүү эч кимдин ысымын атаган жок,бирок бу маселеде өкмөткө кысым жасаганын токтотушпаса, аларды улуттун “саткындары” катары эл алдында ашкере кыларын эскертти.

“Чыккынчылар” ким экенин президент Ахмединежад көзгө сайып, көрсөтүп берген жок. Анткен менен өкүмдөй айбаттуу бу сөздү ал кимдерге багыштап жатканын жергиликтүү байкоочулар жаздемдебей баамдашты. Буга чейин Ахмединежадды дүйнөлүк коомчулук менен карышып катуу тирешип алганы үчүн таасирдүү бир катар саясатчылар, алардын арасында экс-президенттер Али Акбар Хашеми-Рафсанжани менен Мохаммад Хатами сынга алышкан.

Биринчи кезекте дал ушул адамдарды президент “бутага” алып жатканынан тегерандык реформачыл журналист Хассан Фатхи да күмөн санаган жок. “Бир фактыны моюнга алганыбыз абзел: эгер биз кайсы бир маселеде эпке келбесек, дүйнөлүк коомчулук да эпке келбейт”,- дейт Фатхи.

Журналисттин айтымында, Ахмединежаддын кабинети өзүн супердержаванын өкмөтү өңдөнтүп ойлоп, көңкү дүйнө анын алдына келип жыгыла тургансып айтканынан кайтпай көгөрүп келатканын коом арасында деле туура көрбөгөндөр көп. Мурдагы президент Хатаминин өкмөтүндө ядролук маселелер боюнча башкы арачы болуп жүргөн Хассан Роухани, мисалы, октябрдын башында өкмөттү дал ушул позициясы үчүн сынга алган эле.

Көп жылдар бою сүйлөшүүлөрдө иран делегациясын жетектеп келген Али Ларижанини капыстан кызматтан алып, анын ордуна өзүнүн досун койгону үчүн да президент көп саясатчылар арасында өгөй-татай сөздөргө калган. Ал эми Евросоюздун “үчилтиги” – Британия, Германия жана Франция менен талкуу-талаштарда делегациянын такай составында жүргөн таанымал дипломаттардын бири Хосейн Мусавиянды болсо өкмөт “душмандарга жашыруун маалыматтарды айтып койду” деп айыптап, адегенде каматтырып,кийин күрөөпулга түрмөдөн чыгарган.

Президент Ахмединежад “чыккынчылар” дегенде ушул жана башка саясатчыларды эске алып жаткан болуу керек. Бирок президент аларды кантсе да “атомдук программа толук ишке ашкан соң эл алдында ашкерелемекчи” болду.

Бул учурда Ирандын атомдук программасына байланыштуу жагдайды талкуулаганы Тегеранга кечээ Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи келди. Визит башталар алдында Кытай Тегеран өкмөтүн бу маселе боюнча дүйнөлүк коомчулуктун камтамачылыгын эске алууга чакырган эле.

XS
SM
MD
LG