Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

БОРБОР АЗИЯ: КЫРГЫЗСТАН - КАЧКЫНДАРГА БАШ ПААНЕК ҮЙ


12-ноябрда Кыргызстанда качкындар үчүн алгачкы борбор ачылды. Борбор Бишкекке жуук жайгашып, анда отузга жакын үйбүлө баш паанек таба алат. Орто Азиядагы экономикалык жактан начар өнүккөн өлкөлөрдүн бири болгонуна карабастан, Кыргызстан акыркы он жылдан бери Ооганстан жана Тажикстандан, андан кийин Өзбекстандан качып келген миңдеген качкындар үчүн башпаанек берди.

БУУнун Качкындардын иши боюнча комиссарлыгы тарабынан ачылган борбор бир кабат имаратта жайгашкан. Өзбек мигранты Улугбек Бакиров “Азаттык” үналгысына берген маегинде, борбор качкындар үчүн жетишерлик жардам берерине ишеничи бар болгонун айтат:

Бүгүн бул жерде качкындар үчүн борбор ачылды жана биз буга абдан кубанычтабыз. Бийлик өкүлдөрү келечекте борборго келе турган качкындар үчүн жакшы шарттарды түзүп берерине ишенебиз.

Бирок ошону менен бирге жаңы борбордо отуз үйбүлө гана жашай ала турганына нааразы болгондор дагы бар. 1996-жылы Кыргызстан БУУ менен качкындар тууралуу макулдашууга кол койгон эле. Ошондон бери Кыргызстан бери дегенде 15 миң качкынга башпаанек бере алды. Качкындар негизинен убактылуу чатырларда жашап келет.

Кыргызстанга келген качкындардын көбү Ооганстан жана Тажикстандан. Алардын айрымдары Британияга же үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилди. Өткөөл жол ролун ойногон Кыргызстан 2005-жылы Анжияндагы коогалаңдан кийин дагы жүздөгөн өзбек үчүн чек арасын ачты. Анжияндан келген бир катар качкындар кийинчирек Европа же Түндүк Америкага учуп кеткен.

Соңку жылдары качкындардын саны кескин азайды. Расмий маалыматтарга ылайык, ушул тапта Кыргызстанда 700 качкын катталган. Өткөн жылы мисалга алардын саны үч миңден ашуун болчу. Адистердин баамында, кыргыз өкмөтүнүн качкындарга карата мамилеси башка Орто Азия өлкөлөрүнөн айырмаланат. Ошол эле коңшу Казакстан Кыргызстанга салыштырмалуу экономикалык жактан кыйла бакубат болгону менен саясий башпаанек издеген качкындар маселесине катуу позицияны карманып келет. Маселен, Казакстан 2002-жылы укук коргоочулардын нааразылыгына карабастан, беш уйгурду кытай өкмөтүнө өткөрүп берген. Кийинчирек алардын экөө өлүм жазасына тартылганы маалым болду. Виталий Маслоуский БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгынын Бишкектеги кеңсесинин өкүлү. Анын пикиринде, кыргыз өкмөтү качкындар маселеси боюнча башка системада иш алып барат.

Балким көпчүлүк качкындар кыргыз өкмөтү аларды кабыл ала тургандыгын билишет. Качкын макамын алгандар өкмөт тарабынан колдоо менен камсыз болуп, Кыргызстанда жаңы жашоо баштай алат. Качкындардын укугун коргоо үчүн эл аралык система бар. Албетте, БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгы бул системага 100 пайызга канааттанбайт. Бирок бул система качкындарды коргоодо эң ыңгайлуу болуп эсептелет,-дейт Виталий Маслоуский.

1996-жылдан бери БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгы Кыргызстанга 4 миллион доллар бөлдү. Бул каражат качкындарды жайгаштыруу, социалдык жактан коргоо жана аларга билим берүү үчүн жумшалды. 12-ноябрда Кыргызстанга БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын аткаруу комитетинин курамына кирүү сунушталды. Бул тууралуу БУУнун жетекчилигинин сунушун качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гуттереш Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге тапшырды. Эми кыргыз өкмөтү Бишкектин четинде жаңы ачылган качкындар үчүн борбордогу шарттарды жакшырта алабы - муну убакыт көрсөтөт.

Зейнеп Мартбек кызы, Прага
XS
SM
MD
LG