Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

14-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1935-жылдын 14-ноябрында Кыргыз АССР советтик жазуучулар кошуунунун «Литературная Киргизия» аттуу күндөлүк гезити жарык көрдү. 2003-жылдын 14-ноябрында Бишкекте Күңкорсуз басма үйүнүнүн ачылыш салтанаты өткөрүлдү.

1917-жылдын 14-ноябрында Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитети өндүрүш ишине, андан чыгарылган продукцияларга карата жумушчулардын көзөмөлүн жарыялаган Декрет кабыл алды. Декретте каралгандай, жумушчулардын көзөмөлү өнөр жай жана банк сыяктуу кирешелүү тармактарга да тараган.

1935-жылдын 14-ноябрында Кыргыз АССР советтик жазуучулар кошуунунун «Литературная Киргизия» аттуу күндөлүк гезити жарык көрдү. Жаңы гезит Кыргызстан жазуучуларынын басма органы катары алардын советтик коомду круудагы салымын чагылдырууга багытталган. Кийин ал ушул эле аталыштагы журналга айландырылган.

Кыргыз ССР Кино жана кинотрест башкармалыгы 1939-жылдын бу күнү республикалык кинофестифаль өткөрүү туурасында чечим чыгарды. Кинофестивалдын республикалык масштабына карабастан, анда «Александр Невский», «Ленин 1918-жылы» сыяктуу советтик филмьдер көрсөтүлгөн. Кинофестивалга коюлган тасмалар «Ала Тоо» кино-театры жана Интергельпо, пивзавод сыяктуу ишканалардын клубдарында коюлган.

2003-жылдын 14-ноябрында Бишкекте Күңкорсуз басма үйүнүнүн ачылыш салтанаты өткөрүлдү. Салтанатка АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Елизабет Жоунс, Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов сыяктуу бийлик өкүлдөрү катышты. Күңкорсуз басма үйү мындан 2 жыл мурун «Маалымат каражаттарын колдоо борбору» деп катталып, аны АКШ Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун финансылык жардамы менен «Фридом Хаус» эл аралык уюму уюштурган. Басмакана Кыргызстан менен Борбор Азия аймагында чыгуучу маалымат каражаттарына жардам көрсөтүү максатында ачылган.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Елизабет Жоунс 2003-жылдын 14-ноябрында Кыргызстанда ачылган Күңкорсуз басма үйүнүн ишмердигин, 2005-жылы өтө урган президенттик шайлоого утурлай жасалган маанилүү окуялардын бири катары баалады.
Кыргызстан президенти Аскар Акаев баштаган делегациянын Россия Федерациясына жасаган визити 2004-жылдын 14-ноябрында соңуна чыкты. Визит маалында Камбар Ата-1 жана Камбар Ата-2 ГЭСтерин куруу үчүн Россия ишканаларынан 1 миллиард доллар көлөмүндөгү тетиктерди сатып алуу маселеси чечилген.
Бу күнү, бүткүлдүйнөлүк диабетиктердин күнү белгиленип, 1832-жылы Нью-Йоркто дүйнөдөгү биринчи трамвай жүрүп, 1719-жылы австриялык композитор Леопольд Моцарт, 1739-жылы британ анатому Уильям Хевсон, 1765-жылы англо-америкалык ойлоп тапкыч Роберт Фултон, 1776-жылы француз физиологу Анри Рене, 1840-жылы француз живописчиси Клод Оскар Моне, 1889-жылы айтылуу индиялык саясатчы Джавахарлал Неру, 1925-жылы тарыхчы Рой Медведев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG