Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

ШАЙЛООНУН ТАЗА ӨТӨРҮНӨ ОППОЗИЦИЯ ИШЕНБЕЙ ЖАТАТ


Оппозициядагы саясатчылар шайлоонун таза өтөөрүнө ишенбей жатышат. Мындай шек саноо айрыкча «Ата мекен» партиясынын катарында абдан күчтүү сезилдүүдө. Ал эми “Ак жол” партиясынын өкүлдөрүнүн ишениминде шайлоодо административдик ресурсту колдонууга байкоочулар жол бербейт.

Белгилүү болгондой, шайлоого оппозиция «Ата Мекен» партиясынын туусу алдында баратса, президент түзгөн «Ак жол» партиясына “Менин өлкөм”, “Шериктештик”, “Эмгек жана биримдиги”, “Либерал-прогрессивдик” партиялары кошулган. Алардын өз ара биригүүсү мыйзамченемдүү көрүнүш болгону менен парламенттик шайлоону калыс өткөрүү бийликтин колундагы иш. «Ата мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев шайлоонун таза өтөөрүнө ишенбейт. Анын баамында элеттеги шайлоочулардын партиялык тизме боюнча шайлоо тууралу түшүнүгү аздыгынан бийликчил партиялар пайдаланып кетиши мүмкүн:

-Эгер алар өздөрү топтогон партияларды туура пайдаланышса, шайлоо өз нугунда жакшы өтөт деп ойлойм. Бирок бүгүнкү күндөгү айрым бир окуялар азыркы бийлик жана бийлик тараптагы партиялардын бул шайлоодо мыйзамды сактап, жакшы өткөрөөрүнөн күмөнүм бар.

Шайлоодо аймактардан добуш берүүчүлөрдүн жарым пайызы менен өлкө боюнча алардын беш пайызын камсыз кылуу оңой эмес. Мына ушул талап партияларды биригүүгө мажбур кылды. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Кадырбек Жакыповдун пикирине караганда аталган партия аймактык-жердештик бөлүнүүчүлүктү жоюу максатында көз карашы бирдей уюмдар менен биригүүгө макулдук берген:

- Республиканын бардык региондорунда шайлоо өткөрүүгө катышуу бийликтин эле партияларында өтө кыйынчылык туудурат. Партиялардын биригиши бул мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Бардык региондон добуш алыш кыйын болот дешип биригип атышат. Бирок “Ата мекен” партиясынын өзүнүн электораты бар. Болгону бизде регионализм болбосун деп “Ак шумкар” партиясы, “Элет” партиясы менен биригип, жалпы элди бириктире турган деңгээлде болсун деп жетинчи съезде ушундай чечим кабыл алынды.

Бийликчил партиялар мыйзамдын сакталышына аракет кылат. Шайлоодо тигил же бул партиялардын пайдасы үчүн административдик ресурстарды колдонулбайт. “Ак жол” партиясынын жаштар канатынын облустагы теңтөрагасы Мураталы Үчкемпировдун ишениминде шайлоо күнү мыйзымбузуулар көз каранды эмес байкоочулардын көз жаздымында калуусу мүмкүн эмес:

- Кандайдыр бир мыйзам бузуучулук болсо ошолор эле көрүп турат. Демек бул жерде ар биринин укугу бирдей. “Ак жол” партиясы бир гана президентке гана иштейт, элдин кызыкчылыгына иштебейт дегенге мен толук каршымын. Президент дагы эл үчүн кызмат кылып атат.

Эл ичинде кадыры аз, мүчөлөрүнүн саны жагынан айырмаланган партиялардын депутаттык орунга жетүү үчүн биригүүдөн башка аргасы жок. «Мекен биримдиги» партиясынын мүчөсү Рустам Алымбаевдин ою мына ушундай:

- Сапаты, саны жагынан дагы аксап калышы мүмкүн алар. Ушунча убакыттан бери алардын алып барган иштеринин билинбегендиги, мүчөлөрүнүн аздыгы жана жеке амбицияларды көздөгөндүгү менен байланыштырсак болот муну.

Бирок, партиялардын өз ара биригүүсү демократиянын жышааны болгону менен анын өлкө экономикасына тийгизер пайдасы жок деген пикирин облустагы жарандык коомду колдоо борборунун менежери Элмира Мавлянова билдирди:

- Саясий партиялар менен оппозиция партиялардын бириккени элге эч кандай пайдасы жок. Булар өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эле биригип атат. Ушунча жылдан бери иштеп атышат, ал партияларда эч кандай өзгөрүүлөр болгон эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG