Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

«АСАБА», «ЗАМАНДАШ» ПАРТИЯЛАРЫ ШАЙЛОО ТИЗМЕЛЕРИН БЕКИТТИ


13-ноябрда Бишкекте «Асаба», «Замандаш» партияларынын курултайы болуп өттү. Партиялар анда өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалды талкуулап, 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуучу жүздөн талапкерлеринин тизмесин бекитти.

«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын курултайы Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде болду. Курултайга региондордон 160 делегат чакырылып, анын 143 катышты. Күн тартибине өлкөдөгү кырдаалга баа берүү жана парламенттик шайлоого баруучу талапкерлердин тизмесин бекитүү киргизилди. Өлкөдөгү кырдаал боюнча партия лидери Азимбек Бекназаров сөз сүйлөдү. Ал алдыдагы парламенттик шайлоодо бийлик менен оппозиция ортосунда күрөш болоорун айтып, эгерде бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого барса, нааразылык акциялары чыгып, 24-марттагы окуя кайталанышы ыктымалдыгын билдирди.

Бекназаровдун сөзүнөн кийин «Асаба» партиясынан көрсөтүлүүчү жүз талапкердин ысмы аталды. Аларды курултай бекитти. «Асаба» партиясынын биринчи бештигине киргендер тууралуу партиянын активистеринин бири Анарбек Кайназаров маалымат берди:

-«Асабанын» тизмесинин башында Жеңишбек Назаралиев, экинчи Азимбек Бекназаров, үчүнчү Роза Нурматова, төртүнчү Алевтина Проненко, бешинчи Дооронбек Садырбаев.

Бул күнү ошондой эле Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде «Замандаш» партиясынын курултайы болуп, ага 270 делегат чакырылып, бирок катышуучулар 300гө чукул болду. Курултайда партиянын парламенттик шайлоого өз тизмеси менен катышуусу чечилип, жүз талапкердин ысмы аталды. Алардын башында туруучулар тууралуу партиянын лидерлеринин бири Жума Абдуллаев буларды билдирди:

-Тизме боюнча беш кишини атай турган болсом, Өмүракунов Муктарбек биздин тизменин башында. Экинчи Мыктыбек Арстанбек, үчүнчү Умарбек Стамкулов деген ишкер, төртүнчү Топчугүл Шайдуллаева, бешинчи Бактыбек Жусубалиев.

Ошондой эле курултайда «Замандаш» партиясынын лидери алмашып, партия лидерлигине Муктарбек Өмүракунов шайланды. Буга чейин буз кызматты аткарып келген Жума Абдуллаев өз ыктыяры менен кызматынан кетип, өз ордуна Өмүракуновду шайлоону партиялаштарына сунуштаган. Курултай ал сунушту кабыл алып, жаңы лидерди шайлап алды.

Эки партиянын тизмелери такталып бүткөндөн Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүгө берилмекчи.

Шаршемби күнү Бишкекте «Эркин Кыргызстан» же «Эрк» партиясынын курултайы өтөөрү күтүлүүдө. Партиянын лидери Турсунбай Бакир уулунун маалыматы боюнча, партия парламенттик шайлоого өз алдынча барууну чечти. 14-ноябрда «Достук» мейманканасында «Таза коом» партиясынын курултайы да белгиленди. Абдыганы Эркебаев жетектеген бул партия да өз алдынча парламенттик шайлоого катышууга камданууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG