Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

14:45 Жергиликтүү бийлик «Болуш» ассоциациясы уюштурган курултайга имарат берүүдөн баш тартты


Бул туурасында аталган ассоциациянын башчысы Сапар Аргынбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында курултай өтө турган Теменсуу айылындагы клуб жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан берилбей, жети айылдан келе турган эки жүз чамалуу делегат токтотулду. «Биз алдыда боло турган шайлоого даярдык ирээтинде айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкпүз. Себеби 21- октябрда өткөн референдум Москва районунда мыйзам бузуулар менен коштолгон», деп белгилейт С. Аргынбаев. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул бут тосуу эмес, маселенин башка себеби болушу мүмкүн деп билдиришүүдө. Мурунтан бери айтылгандай «Болуш» ассоциациясы Чүйдөгү эч бир партияга кошулбаган уюмдардын бири. (JJ)

XS
SM
MD
LG