Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

БИР КҮНДӨ ДАГЫ БЕШ ПАРТИЯ ШАЙЛОО ТИЗМЕСИН ТАКТАДЫ


14-ноябрда Бишкекте «Таза коом», Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», Жашылдар жана «Туран» партиясы курултайын өткөрдү. Алардын баарында 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу маселеси талкууланып, жүз талапкерден турган тизмелер каралды.

Борбордук шайлоо комиссиясы «Шайлоо» кодексине таянып белгилеген мөөнөттөргө ылайык 15-ноябрда талапкерлерди көрсөтүү убактысы аяктайт. Ошондуктан бүгүн-эртең талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү соңуна чыгат. 14-ноябрда борбордо «Таза коом», Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», Жашылдар партиясы жана «Туран» партиясы курултайын өткөрдү.

«Эркиндик» партиясы 27-октябрда курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого өз алдынча барууну чечкен. 14-ноябрда болсо курултайдын чечимдерин аткаруу жана толуктоо боюнча пленум болуп, анда партиянын парламенттик шайлоого баруучу талапкерлеринин тизмеси бекитилди. Алдыңкы бештикке партиянын лидери Топчубек Тургуналиев, Мойдун Мамажанов, Бүбүсайра Орозбекова, Гамал Сооронкулов, Нооманжан Аркабаев кирди.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурунку төрагасы Абдыганы Эркебаев жетектеген «Таза коом» партиясы «Достук» мейманканасында курултай өткөрүп, ага 120 делегат чакырылган.

Курултайда «Таза коом» партиясынан жүз талапкер көрсөтүлдү. Анын алдыңкы бештигин партиянын активисттеринин бири Табылды Акеров атады:

-Партиянын тизмесин экс-төрага Абдыганы Эркебаев баштайт. Экинчи Таалайбек Бапанов, үчүнчү Антонина Блиндина, төртүнчү партиянын төрагасы Апсалам Юлдашевге, бешинчи орун Гүлмира Чоңмуруновага берилди.

14-ноябрда Жашылдар партиясы профсоюздар үйүндө курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого баруучу жүз талапкерин атады. Тизменин башындагылар тууралуу Жашылдар партиясынын төрагасы Эркин Бүлекбаев маалымат берди:

-Биринчи Парманкулов Замирбек, экинчи Эркин Бүлекбаев, үчүнчү Борзий Виталий, төртүнчү Наргиза Абдылдаева, бешинчи Амат уулу Санжарбек.

Белгилүү болгондой Замирбек Парманкулов жетектеген Жумушчулар партиясы Жашылдар партиясы менен биргеликте шайлоого барууну чечкен.
«Эркин Кыргызстан» партиясынын курултайы бүгүн башталып, 15-ноябрда уланатылат. Курултайдын бүгүнкү бөлүгүндө Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу партиянын төрагалыгына кайрадан шайланды. Буга чейин төрагалыкты Жолдошбек Алиев аткарып келген. Ошондой эле курултайдын жүрүшүндө партиянын шайлоого баруучу талапкерлеринин тизмесинин башында Турсунбай Бакир уулу, экинчиси Медер Үсөнов болоору айкын болду. Курултай 15-ноябрда уланып, калган талапкерлер аныкталмакчы.

14-ноябрда түштөн кийин «Туран» партиясынын курултайы да болду. Партиянын лидери Тайырбек Сарпашевдин билдирүүсүнө караганда, партиянын тизмесинин башында ал өзү турмакчы. Андан кийин Каныбек Иманалиев, Өкмөтбек Алмакүчүков, Нелля Бейшеналиева жана Чаткалбаев Алымбек жазылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG