Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Шаршемби күнү эртең менен Дүйшөмбү шаарындагы “Кохи Вахдат” маданият сарайынын жанында жардыруу болуп, бир киши каза тапты. Сарайда өткөнү жаткан эл аралык жыйында Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов сөз сүйлөмөк. Өлкөнүн башкы прокурору Мухаббатов жардырууну “террорчулук” деп атады.

Күбөлөрдүн айтканына караганда, “Кохи Вахдат” маданият сарайынын жанындагы жардыруу короо шыпырып жүргөн адам жерде жаткан пластик пакетти колуна алып жатканда болгон. Сарайда Еврокомиссиянын канаты астында уюштурулган эларалык жыйын ачылганы жаткан. Борбор Азиядагы чукул кырдаалдар алып келчү чыгымдарды азайтууга арналган жыйында Тажикстандын премьер- министри Акил Акилов сөз сүйлөмөк. Башкаруучу Элдик демократтык партиянын штабы да “Кохи Вахдат” борборунан орун алган. Маданият борбору Президент сарайынан 300 метрдей жерде жана Өзбекстандын элчиканасынан 100 метрдей жерде жайгашкан.

Тажикстандын башкы прокурору Курбанали Мухаббатов кабарчылар үчүн жасаган билдирүүсүндө жардырууну “террорчулук” деп атады:

- Тергөөнү Улуттук коопсуздук министрлиги жүргүзөт. Бүгүн эле кылмыш иши ачылат.

Башкы прокурор жардырууну ким уюштурганын айтуу азырынча эрте экенин билдирди. Жардырууда набыт болгон киши “Кохи Вахдат” маданият борборунун жумушчусу, 77 жаштагы Ибрагим Исмаилов экени аныкталды.

Бул күнү президент Эмомали Рахмон өлкө түндүгүндөгү Хожент облусунда бийликке келүүсүнүн 15 жылдыгына байланыштуу мааракеге катышып жүргөн.

Полиция күчтөрү жардыруу болгон аймакты курчоого алып, эларалык конференция убактылуу токтотулганы маалымдалды. Ошондой эле маданият борборуна катарлаш турган өтө сыйлуу “Авесто” мейманканасынын коноктору “коопсуз жайга” шашылыш көчүрүлгөн.

Ушундай эле жардыруу быйыл 16- июнда Тажикстандын Жогорку Сотунун имаратынын жанында болгон. Бирок жардыруудан бүгүнкүдөй кан төгүлгөн эмес.
XS
SM
MD
LG