Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

«КАМБАРАТА – 1» САРСАНААСЫ


Ушу тапта “Камбарата – 2” ГЭС курулушу улантылууда. Ага улай “Камбарата – 1” ГЭСинин курулушу башталганы турат. Нарын дарыясындагы суу агымын жөнгө салып туруучу Кыргызстандагы эң ири энергетикалык курулуштун тегерегинде аркыл пикирлер айтылып, анын экологиялык зыяны, коңшу өлкөлөр менен мамиле-катышка тийгизчү таасири тууралуу кабатыр кептер да чыга баштады. Адистердин айтуусунда, “Камбарата – 1” ГЭСи Кыргызстандын энергетикалык өз алдынчалыгын камсыз кылууга өбөлгө түзмөкчү.

Энергетикалык агенттиктин мурдагы жетекчиси Уларбек Матеев жакында «МСН» гезитинде жарыяланган маегинде «Камбарата» ГЭСтерин куруунун кажаты барбы суроосун алдыга жайып, мурдагыдай ири өнөржай ишканалары жок Кыргызстан үчүн андай кымбатбаа энергетикалык объекттерди куруунун пайдасынан зыяны көбүрөөк экенин ачык эле айтып чыкты. Эксперттин андай бүтүмгө келишине Дүйнөлүк банк адистеринин иликтөөсү, «Камбарата – 1» ГЭСи иштеп чыккан 1 киловатт-саат электрэнергиянын баасы өтөле кымбат - 7,2 центке чыгары, өндүрүлгөн электрэнергияны чет өлкөлөр сатып албай коюш ыктымалдыгы түрткү берген шекилдүү.

Өкмөт башчынын мурдагы орунбасары Базарбай Мамбетовдун пикиринде, «Камбарата» ГЭСтерин куруунун пайда-зыянын жалгыз Дүйнөлүк банк эксперттерине таянып аныктай коюу туура эмес.

- Бул жерде дайыма агып турган бекер суунун ресурсу болуп жатпайбы. Ал эмне үчүн кымбат болот? Эч качан кымбат боллбойт да. «Токтогул» ГЭСи чыгарып жаткан электр энергиянын, 1 киловатт-саат электр энергиянын өзүнө турган наркы 0,010 центке да жетпейт,- дейт Б. Мамбетов.

У.Матеев жана сөз башында белгилеген маегинде Нарын дарыясындагы суу агымын жөнгө салуучу ири энергетикалык курулушту төмөнкү агымдагы коңшу өлкөлөр менен макулдашып куруу зарыл экендигине басым жасаган. Ушуга үндөш дагы бир пикирди «Мөңгү» фондунун жетекчиси Үрүстөм Кабылбеков да жарыя кылды.

- Мамлекет аралык ынтымакты сактап калабыз деп жатпайбы. Бул деле чоң нерсе да! Үй сатып алба, коңшу сатып ал дейт. Коңшулар менен ынтымак болушубуз керек. Бир элбиз, тилибиз бир, динибиз бир.

Белгилүү энергетик Райымбек Мамыров мындай сынчыл маанайдын жаралышына, дегеле «Камбарата – 1» ГЭСинин курулушунун айланасында аркыл кептердин айланчыктап турушуна айрым коңшу өлкөлөр кызыкдар деген ойдо.

- Коңшулардын колу көрүнүп жатат. Бул жерде деген ГЭС курулушу менен бизде кошумча мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат да. Сууну жөндөө боюнча. Бул өзү көптөн келаткан талаш эмеспи.

Эки ГЭС курулушу артынан жогорку чыңалуудагы электр линияларынын курулушун тездетип, анын натыйжасында өндүрүлгөн электрэнегияны Камбаратадан Кеминге жеткирүү, өлкө ичинде бирдиктүү энергосистеманы түзүүгө мүмкүндүк ачылмакчы.

- Токтогулдан чыккан электр энергия, анда өзбектер жаап салса да эч нерсе болбойт. Бирөөсү туура эле Панфиловго «Фрунзенская» подстанциясына келип калат. Экинчиси Токтогулдан чыгып, жанагы Камбаратанын электр энергиясын да кошуп алып туруп туура Kеминге барса. Болду, анда биз Кеминден ары жагы бүт Ысыккөл, Нарынга жеткирип, проблеманы толугу менен жабабыз,- деп айтты Р.Мамыров.

Парламенттин мурдагы депутаты Эргеш Төрөбаев «Камбарата - 1» ГЭСинин курулушуна каршы ойлор шайлоо алдындагы саясий оюндардын бири болсо керек деп эсептейт.

- Шайлоо келип атат. Ошого жараша ушундай сөздөрдү ойлоп таап жатышса керек,- дейт Э.Төрөбаев.

Маалынан эрте таратылган парламент быйыл жайкы эс алууга жуп чыгарда «Камбарата ГЭСтеринин» курулушу боюнча атайын мыйзам долбоорун кабыл алып, аларды Токтогул катарындагы станциялардын өзгөчө статусунан чыгарган. Курулуштун алгачкы техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуунун каржылык чыгымын орусиялык «Интер РАО ЕЭС» компаниясы көтөрүп, ага кимдер катышары ачык тендерде аныкталмакчы болгон. Ал эми тендер болсо ушул айдын ичинде өтөрү белгиленген.

XS
SM
MD
LG