Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

ТИБОР ПОДОБА: СЛОВАКТАР КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕРЕМЕТ ЖЕРИН КӨРҮП, КААДА-САЛТТАРЫН БИЛГЕНИ ЖАКШЫ


Тибор Подоба- Кыргыз Республикасынын Словакиядагы Ардактуу консулу. Бул ардактуу кызматты аткарган адам Кыргыз мамлекетинин атынан Словакиядагы түрдүү ырасмий жыйындарга катышып, өкүлчүлүк кылат. Консулдук кызматтын мааниси, Словакия- Кыргызстан арасындагы байланыштар жана анын келечек багыттары тууралуу Тибор Подоба мырза “Азаттык” радиосуна интервью берди.

“Азаттык”: Урматтуу Ардактуу консул! Консулдуктун мааниси эмнеде? Ишкер адам жана дипломат катары анын маанисин чечмелеп айтып берсеңиз.

Тибор Подоба: Карап көрсөңүз, азыр Словакиянын борбору Братиславада, Мажарстандын борбору Будапеште жана Чехиянын борбору Прагада Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдуктары бар. Биз, консулдар, Венадагы Кыргыз элчилигине экономикалык кызматташууда, өкүлчүлүк кылууда, маданий жана билим берүү тармагындагы байланышта көп жардам бере алабыз деп ойлойбуз. Себеби, элчиликте саналуу гана адам иштейт. Ал эми жумуш көп.

“Азаттык”: Словакияда Кыргызстанды канчалык жакшы билишет?

Тибор Подоба: Чынын айтсам, социализм доорунда словактар Кыргызстан бар экенин билишкен. Азыр да Кыргызстан кайсы жерден орун алганын анча- мынча эл билет. Бирок, элде Кыргызстандын кандай өлкө экени, экономикасы жана саясый абалы тууралуу маалыматы жок. Жалпылап айтканда, Борбор Азиянын бул бөлүгүн көпчүлүк словактар билишпейт.

“Азаттык”: Мырза Подоба! Сиз Кыргызстанды словактарга кандай жол менен тааныштырып жатасыз? Бул багытта жасаган иштериңиз жөнүндө айтып берсеңиз.

Тибор Подоба: Бул ишти чоң кадамдар менен кыска мөөнөттө жасоо мүмкүн эмес. Бул акырындап жасалчу узак мөөнөттүк иш. Биз өткөн жылы Братиславада кыргызстандык фотосүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн уюштурдук. Алар менен Венадагы Кыргыз элчиси аркылуу байланыштым. Фотосүрөтчүлөр өз эмгектерин мага почта менен жөнөтүштү. Биз сүрөттөрдү чоңойтуп басып, көргөзмөгө койдук. Сүрөт көргөзмө быйыл Венада да өткөрүлдү. Чехиядагы Ардактуу консул, мырза Кмет менен фотокөргөзмөнү быйыл жыл аягына чейин же келерки жылы Чехияда, анын ичинде Прагада да өткөрөлү деп чечтик.

“Азаттык”: Урматтуу Ардактуу консул! Словакия менен Кыргызстан эң алды кайсы тармактарда кызматташуусу мүмкүн деп ойлойсуз?

Тибор Подоба: Тигил же бул багытты бөлүп айтуу кыйын. Негизинен алганда, эки өлкө экономикалык жаатта, анын ичинде, соода менен өнөр жайдын айрым тармактарында, билим берүүдө үзүрлүү кызматташа алат. Эки жак туризмди да өнүктүрсө болот. Анткени, менин билгеним боюнча, Кыргызстан Борбор Азиянын Швейцариясы саналат. Бул талашсыз чындык. Ошон үчүн, чет элдиктер Кыргызстанга барып, элдин каада- салты, керемет табияты менен таанышуусу зарыл. Билим берүү жөнүндө айтып кетпедимби. Кыргызстандык жаштар Словакиянын университеттеринде окуп, Европа Биримдигинин тажрыйбасын өздөштүрүп, мекенине келгенде билимин Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн пайдаланса болот.

“Азаттык”: Кыргызстандын Словакиядагы Ардактуу консулдугу качан ачылган. Чү дегенден эле Ардактуу консул Сиз болдуңузбу?

Тибор Подоба: Биз 2004- жылы каттоодон өтүп, иштей баштаганбыз. Ал эми ырасмий түрдө 2005- жылы ачылдык. Ошол эле жылы словакиялык ишкерлер менен Кыргызстанга бардык. Эмки жылы чех жана словак ишкерлерин Бишкекке алып барганы жатабыз. Бирок, көңүл бура кетчү мындай бир маселе бар. Биз бир нече жолу Кыргыз тарап менен байланыш түзөлү деп аракет кылып көрдүк. Бирок, анын бири да ийгиликтүү болгон жок. Ырас, Кыргызстан жана Словакия ортосунда төмөнкү деңгээлдеги гана байланыш бар. Ал иш жүзүндө нөлгө барабар. Ошол эле учурда өз ара кызматташууну өнүктүү үчүн эч нерсе жасалган жок деп айтуу натуура болор эле. Тышкы иштер министринин орун басары Эрмек Ибраимов октябрдын аягында Словакияда болуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Айтмакчы, Чехиянын Кыргызстан менен соода байланышы Словакияга салыштырганда бир кыйла чоң. Ибраимов мырза Чехиянын тышкы иштер министрлигинде, экономика жана соода министрлигинде болгондо өз ара кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө сүйлөштү. Кыргызстан алиге Чехия жана Словкия менен инвесторлордун укуктарын коргоо жана кош салыктан качуу сыяктуу келишимдерге кол койо элек. Бул келишимдер экономикалык кызматташуу үчүн абдан маанилүү эмеспи.

“Азаттык”: Мырза Подоба! Ардактуу Консулдун иши сыйлуу да, түйшүктүү да болгону менен, ал үчүн маяна төлөнбөйт. Сиз, бул кызматты аткаруу үчүн жеке убактыңызды жана акча каражатыңызды жумшайсыз. Ардактуу Консулдукка эмне үчүн макул болдуңуз?

Тибор Подоба: Сөзүңүз чындык. Бул жөнүндө башка өлкөлөрдөгү Ардактуу консул досторум да айтышат. Ардактуу консул болуум-бул кокустан болгон окуя. Бир жолку ырасмий жолугушууда: “Сизде Ардактуу консул болуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, макул болмок белеңиз?” деп сурап калышты. Мен сунуш жөнүндө ойлонуп, аны макул таптым. Туура чечтимби же жокпу, аны мезгил көрсөтөт. Бирок, мен бир нерсени көздөсөм, ага жетүү үчүн кайра, кайра тынбай аракет кыла берем. Башка жол менен ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Буга мени турмуш үйрөткөн.

“Азаттык”: Ырахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG