Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Кыргызстанда шайлоо алдындагы кырдаалга көз салган байкоочулар бийлик тарабынан оппозициялык партияларга ар кандай тоскоолдуктарды жасоого амал-аракеттер көп болот белгилешүүдө. Алардын баамында, шайлоого чейин эле оппозициялык партиялардын ар бир кадамынан кынтык таап, жарыштан четтетүү аракеттери болушу мүмкүн. Эң акырында добуштарды эсептөө маалында бийликчил партиялардын кызыкчылыгына административдик ресурсту колдонуу ыктымалдыгы чоң экени өткөн референдумдун мисалынан көрүнүп турат.

Эксперттер эмитен эле шайлоонун жыйынтыгы элдин чыныгы эрки боюнча эмес, бийлик каалагандай болот деген божомол байкоолорун бөлүшүүдө. Анткени, алардын жүйөөсүндө, шайлоого аттанган партиялардын ортосунда чыныгы партиялык принциптер менен атаандашуу, жарышуу жокко эсе. Шайлоого бараткан партиялардын арасында жеңишке өздөрүнүн саясий программа-платформасы менен жетишели дегендери көрүнбөйт. Бир дагы партиянын платформасын эл билбейт. Бийликчил партиялар бийликтин күчүнө таянып шайлоого баратат.

Тоскоолдуктар ар кандай формада жасалышы ыктымал. Мисалы, оппозициялык партиялардын шайлоо тизмелерин түзүү процедураларын өз убагында аякташына жол бербөө, же алардын чыгарган чечимдеринин легитимдүүлүгүн талашуу аракеттери болушу мүмкүн. Административдик ресурсту колдонуу ыктымалдыгы айрыкча парламенттик шайлоо күнү добуштарды эсептөө маалында өтө чоң болот.

Байкоочулардын баамында чоң чыр партиялар ар бир аймактан ала турган жарым пайыздык чек көрсөткүчтөн чыгышы мүмкүн. Азыркы учурда аймактан алына турган жарым пайыздык чек кандай эсептелери жөнүндө кызуу талаш-тартыштар чыгып, бул маселе боюнча Боршайком таккесе жообун угуза элек. Саясат таануучу Кубан Абдымендин айтымында, мындай норма башка бир да өлкөдө жок. Бул оппозициядагы партияларды шайлоодон кулатыштын амалы болушу мүмкүн деген чочулоо ошон үчүн чыгып жатат.

Эксперттер административдик ресурс бийликчил партияларды калкалоо үчүн жана оппозициядагы партияларга каршы колдонула тургандыгын соңку окуялардан оңой эле баамдаса болорун белгилешүүдө. Оппозициядагы "Ата Мекен" партиясы бийликчил "Ак жол" партиясынын үгүт жүргүзүү мөөнөтүн бузуп, эрте эле ураан чакырып киргенин билдирип, Боршайкомго арыз жолдогон. БШК чара көрбөй койгондо "Ата Мекен" партиясы Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратура өз кезегинде мыйзам бузуп жаткан "Ак Жол" партиясына эскертүү берүү менен гана чектелген. Эгерде "Ак Жолдун" ордунда "Ата Мекен" же башка оппозициядагы партия болуп калганда БШК аны эркелетип отурмак эмес, дейт Кубан Абдымен.

Эксперттердин пикиринде, эгерде шайлоодо бийлик күчкө салса, бийликчил партиялар алдыга чыгып, парламенттеги көпчүлүк орундарды алат да оппозицияга анча-мынча орун артышы мүмкүн. Мындай учурда оппозициялык күчтөр буга жооп кылып каршылык акцияларына чыгышы турган иш. Бийликчил партиялар өз кезегинде жеңишти колдон чыгарбаш үчүн оппозицияга каршы аракеттерди баштайт. Экинчи жагынан укук коргоо органдары элдик толкундоолорду басуунун аракетин көрүп, күч колдонууга чейин барышы мүмкүн. Административдик ресурс колдонулса, мунун арты элди бөлүп-жарган чыр-чатакка айланат деп премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаевдин өзү дагы улуттук сыналгыдан чочулап айткан болчу.

Эксперттердин баамында, шайлоодон чыккан нааразылыктан тутанган чыр-чатак токтобосо Кыргызстандын эки жыл мурдагы бийлик алмашуунун алдындагы жаңжалдуу кырдаалдын кучагына кайрадан келүү коркунучу бар.
XS
SM
MD
LG