Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

АКҮЙДҮН ИЧИ КАНДАЙ? ИЧИ ДА АКПЫ?


«Де-факто» гезити КР президенттик админстрациянын мурдагы жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев менен аңгемелешти. Мыктыбек мырза Акүй ичиндеги бир топ белгисиз нерселерди ачыкка чыгарган. Президент К.Бакиев аны кызматка чакырганына ыраазычылыгын билдире кетүү менен, Бакиев менен көбүрөөк иштешкен сайын ортолорунда келишпестиктер көбөйө бергенин, айрыкча кадр маселелери, келечектеги референдумдар боюнча өз көз карашында бекем турганы «үй планына» туура келбегендиги, анын үстүнө кошомат кыла албагандыгы анын башына кара булут үйө бергенин, өзү иштеп турганда эле анын үстүнөн тон бычылып, ал орунга-Ф.Куловду, А.Исабековду, А.Атамбаевди, Т.Сариевди макул болгун деп чакыртышканы көңүлүнө катуу тийгенин, кийин А.Атамбаев башында турган жумушчу топтун Конституциясын КТР аркылуу жактап кел дегенине макул болбой, «Сиз баары бир башка долбоорду киргизесиз, дайны жок элдин башын оорутпасак туура болот» деп айтканын баяндайт. Дагы бир окшош окуяга токтолгон Мыктыбек мырза, 2005-жылдын март айында агездеги президент А.Акаев өзүнө чакыртып, Бакиевди парламентке келтирбөө жөнүндө планын айтканда ага каршы чыгып, экөө катуу айтышып кеткенин, эң кызыгы ушундай эле ойду 2007-жылдын март айында ага Бакиев да айтканын, эки президенттин ички дүйнөлөрүндөгү табигый жаратылышы окшоштугун, анан бир ирет Бакиев ага «Сен Мыктыбек өтө эле принципиалдуу, атыңды булгагың келбеген жетекчи болуп жатасың, чындыгында ээлеп отурган ордуңа чоң интригандык сапаттары бар адам керек» деп айтканын окурмандарга шардана кылган.

Гезит ошондой эле кыргыз саясатынын аксакалы Т.Усубалиевдин Кыргызстандын элине кайрылуусун, башка дагы бир катар саясатчылардын баарлашууларын басты.

«Лица» гезити «Бактылуу аял» деген баш теманын алдында Бишкек шаар Кеңешинин депутаты Н.Байболова менен аңгеме-дүкөн куруп, КР Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы М.Ниязов менен өлкөнүн ички саясаты тууралуу маектешкен. Суроолорго жооп берип жатып генерал М.Ниязов мырза, бул шайлоонун жыйынтыгы дагы референдум сыяктуу эле бурмалоолор менен аяктарын, акыры республиканын кеңири аймагын камтыган чыр-чатактарга алып келерин, 0,5 пайыз ашуудан ашып өтүү дегендин өзү парламентке оппозицияны жолотпогула дегендин өзү болорун, эгер шайлоо участоктору катуу көзөмөлгө алынбаса оппозициянын жетиштүү добуш алышы күмөндүгүн, бийликтин бүгүнкү жүзү Акаевдин жүзү менен элестээрин, ушу кездери акырындап бийлик таянар таканчык жок калып баратканын айтса, дагы бир оппозиция өкүлдөрүнүн бири Болот Шерниязов, Кулов менен Атамбаевдин трагедиялары- экөө тең эл ишеними менен Акүйгө кирип алып, олтурган креслолорун ошол ишенимге алмаштырышканын, Атамбаев Жерүй боюнча айткан убадаларынын бирин да аткарбаганын, Кулов экөө тең Акүйгө шабашка жасаш үчүн баргандар экенин баяндайт.

«Общественный рейтинг» гезити «Сиз шайлоо жарышына түшкөн партия өкүлдөрүнүн тизмеси менен таанышып чыктыңызбы? Сиз күткөн үмүт акталгыдайбы?» деген суроо менен айрым жарандарга суроо салган. Мамлекеттик туризм агенттигинин убактылуу деректири Т.Мамашов, көбүнчө тизмени баягы эле тааныш саясатчылар түзгөнүн, эң башкы өзгөчөлүк шайлоого партиялык тизме менен баратканыбызды, эми негизги сөз элдин өзүндө калганын, көз карандысыз журналист А.Кулинский, шайлоо кодекси 1-ден аялдарды, кыргыздардан башка улут өкүлдөрүн жана жаштарды жөн эле «чаң соргуч» ордуна теңеп салганын, 2-ден тизмеге кирген 1- он орун чоң көлөмдөгү акчага сатылып алынганы эчкимге жашыруун эместигин, бул парламентке деле баягылар келерин, жаңы парламент Кыргызстандындын тарыхындагы эң начар парламент болорун айттса, «Кыргыз Конгерт» компания президенти Э.Үмөталиев, тизмеге биринчи жолу өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү киргени кубандырганын, алар кандай иштешти жакшы билишерин, бирок партиялардын шайлоого алып чыга турган программаларын чыдамсыздык менен күтүп атканын айтып жооп берген.

«Апта» гезити менен баарлашкан «Эркиндик» партиясынын төрагасы Т.Тургуналиев, «Акжолчулар» деп аталган партиянын ичинде «каражолчулар» көбөйүп кеткенин, Акүй Кыргызстанга татыктуу Башмыйзам алганга жарабай келатканын, бирок «Эркиндик» партиясы Бакиевди колдоорун, ошондой болсо да Бакиевдин командасынын 90 пайызы акаевчил шылуундардан, шумпайлардан турарын, Акаевдар сатып жиберген цемент-шыйпыр заводунун 1 даана шыйпыры Баткенде 320 сом болгонун, ал эми заводдун өзүндө 46 эле сом турарын, А.Атамбаев ушуларды, Кумтөрдү текшергендин ордуна 25 миң гектар жерди сатып жибергенин ачыкка чыгарган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG